26.04.2016 12:00

Алмазбек Атамбаевге Венгриянын ДКО ачылышына катыша тургандыгы тууралуу маалымат айтылды


Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту. Кыргызстандагы бул иш сапар Венгрия Тышкы иштери министри үчүн алгачкы жолу болуп жатат.

Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий жана гуманитардык, соода-сатык жана экономикалык тармактардагы кызматташтыкка байланыштуу темалар каралды. Ошондой эле Сийярто мырза Венгриянын делегациясы бул жылдын сентябрь айында өтө турган II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине катыша тургандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы министрдин Кыргызстандагы алгачкы иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берип, эки элдин тарыхый жакындыгынын негизинде ар түрдүү тармактарда иш жүзүндөгү кызматташтыкка өбөлгө түзүлөт деген ишенимин айтты. 

Атамбаев жана Сийярто эки тараптуу кыргыз-венгриялык кызматташтыгын жандандыруу зарылчылыгын, ошондой эле ар түрдүү багыттар боюнча кызматташуунун маанисин белгилей кетишти.

Алынган булак: Sputnik Кыргызстан