07.08.2018 14:52

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өндүрүүчүлөр: усталар, уздар кол өнөрлөрүн тартуулашат

Кооздолгон шырдактар жана кызыл-тазыл ала кийиздер, ювелирдик кооздуктар, идиш-аяктар, музыкалык аспаптар, көчмөн жашоо философиясын өзүнө сиңирип, жашоо образын берген элдик чыгармачылык менен колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын буюмдары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көрсөтүлөт.

Белгилесек, 2018-жылдын 3-сентябрынан 6-сентябрына чейин кеңирилетилген спорттук жана маданий иш-чаралар “Көчмөндөр жаңырыгы” республикалык конкурсунун бир бөлүгү болмокчу.

Конкурстун алкагында 9 багытта: улуттук салттуу ырлар жана бийлер, улуттук кийимдер, улуттук каада-салттарды көрсөтүүчү теаралдаштырылган көрсөтүүлөр, көчмөндөр жашоосундагы оюндар, жасалгаланган боз үйлөр жана ылдамтыкта тигүү, улуттук тамак-аштар, элдик чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк, сүрөт искусствосу (живопись, графика, айкелчилик) болот.

Конкурска Кыргызстандын бардык облустарынын өкүлдөрү катыша алышат. Калыстар тобу алардын ичинен категориясына жараша жеңүүчүлөрдү аныкташат.

Кыргыздын декоративдик-прикладдык искусствосу кылымдарды карыткан бай тарыхка ээ. Өзгөчөлүгү анын стилинде, ар бир өндүрүүчү буюмдарга көчмөн рухту, демди камтыгандыгында. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторуна жана катышуучуларына элдик кол өнөрчүлүктөн жана өндүрүүчүлөрдүн чоподон, булгаарыдан, жыгачтан, темирден, ювелирдик жасалгаларды жана  шырдактар, ала кийиздер дегеле, жүндөн жасалган буюмдарды тартуулай алышат. Калыстар тобу бир нече критерийге жараша сапатына, салттуу эрежелерге таянып кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардын ээлерин жеңүүчү деп табышат.