04.09.2018 16:56

Красноярск шаарынын Көк бөрү командасы америкалыктарды чоң айырмачылык эсебинде утуп алды

Бүгүн, 4-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча экинчи күнкү топтук беттешүүлөр өтүп жатат. С тобунда Россиянын Красноярск шаарынан келген команда Америка Кошмо Штаттарынын командасы менен ойноду. Америкалыктар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун ушул түрү боюнча экинчи жолу катышып жатышат. Красноярск командасы менен болгон таймашта америкалыктар үч гол киргизип, 17 голду өткөрүп жиберишти. Алардын кийинки атаандашы Казакстандын курама командасы болот.  

3-сентябрда биринчи топтук оюндардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын Көк бөрү боюнча курама командалары беттешти. Кыргыз спортчулары атаандаштарын 29:5 рекорддук эсебинде утуп алышты. Өзбекстандын курама командасы да Башкыртстандан келген команданы 19:1 эсебинде чоң айырмачылык менен утуп алды. Москвадан келген көк бөрүчүлөр командасы Афганстандык командадан күчтүүрөөк болуп чыкты. Эсеп 7:2.

Көк бөрү биринчилигине 12 команда катышат, алар чүчү кулак кармоонун натыйжасында 4 топко бөлүнүшкөн:

А тобу

Кыргызстан

Алтай (РФ)        

Монголия

В тобу

Москва (РФ)

Кытай

Афганстан

С тобу

Казакстан

АКШ

Красноярск (РФ)

D тобу

Башкыртстан

Франция

Өзбекстан