05.09.2016 21:19

Кыргызстандын курама командасы гюлеш күрөшү боюнча 4 медалга ээ болду

Бүгүн, 5-сентябрда  дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эркектердин арасында “гюлеш” күрөшү (Азербайдандын улуттук күрөшү)  боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Мелдештерге 13 мамлекеттен (Орусия, Шри-Ланка, Кыргызстан, Пакистан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстн, Иран, Өзбекстан, Белоруссия, Тажикстан, Монголия, Латвия)  келген 44 спортчу катышты. Жалпысынан 24 медаль ойнотулду: 6 алтын, 6 күмүш, 12 коло.

Жыйынтыктар:

Салмактык категориялар:
50кг чейин
:
1-орун – Салманов Шахрияр (Азербайжан)
2-орун – Кадырбек уулу Бердибек (Кыргызстан)
3–орун - Холматов Рахимжан (Өзбекстан)

60 кг чейин:
1-орун– Алиев Галиб (Азербайжан)
2-орун– Махмудов Ахлиорбек (Өзбекстан)
3-орун– Сатбаев Дидар (Казакстан)
3-орун– Илфак Ибатилин (Орусия)

70 кг чейин:
1-орун – Азимов Жошгун (Азербайжан)
2-орун – Токтобаев Бекжан (Кыргызстан)
3-орун – Одилов Махмуджон (Өзбекстан)
3-орун – Фарид Мурсалов (Орусия)

80 кг чейин:
1-орун – Исрафилли Бахтияр (Азербайжан)
2-орун – Музаппаров Эрсултан (Казакстан)
3-орун – Фейзи Махди (Иран)
3-орун – Жанис Рериш (Латвия)

90 кг чейин:
1-орун – Вафаепур Хади (Иран)
2-орун – Алиев Турал (Азербайжан)
3-орун – Болотбек уулу Жандарбек (Кыргызстан)
3-орун – Рахид Намидли (Азербайжан)

90 кг өйдө:
1-орун – Барбат Аболфази (Иран)
2-орун – Бакиров Роман (Азербайжан)
3-орун – Андрис Озолинс-Озолс (Латвия)
3-орун – Амиль Жоробеков (Кыргызстан)

Кошумча маалымат: Гюлеш – Азербайжандын улуттук күрөшү. Команданын курамы – 8 киши: 6 спортчу, 1 машыктыруучу, 1 калыс. Мелдештер эркектердин арасында төмөнкү салмактык категориялар боюнча өткөрүлүүдө: 50 кг, 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, + 90 кг. Мелдештерге жашы 18ден өйдө болгон балбандар катышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы