02.06.2016 12:01

Ош шаарындагы Эл аралык “Этномаданият” фестивалынын биринчи күнү соңуна чыкты


Кыргызстандагы биринчи Эл аралык “Этномаданият” фестивалынын биринчи күнү аяктады. Иш-чаранын негизги бөлүгү Ош Кыргыз драматеатрынын алдында өтүп, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси С.Раев, Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: Ош - Т. Сарыбашев, Жалал-Абад – Ж. Эгамбердиев жана Баткен – Ж. Разаковдор чыгып сөз сүйлөштү. Андан соң алар этномузыка, этнобийсконкурстарынын жүрүшү менен таанышышты.

Бул учурда, Токтогул Сатылганов атындагы парктын жайкы аянтчасында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген коллекционерлер жана кол өнөрчүлөр түстүү металдан жасалган зергер буюмдарын, чарбалык буюмдар, байыркы идиш аяктар, коллекцияланган буюмдар: почта маркалары, тыйындар, букинистикалык китептери коюлуп, көргөзмө уюштурулган.

Ош драматеатрынан, борбордук аянтына чейинки аралыктагы Ленин көчөсүндө уюштурулган “Этношаар” фестивалы  катышучуулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Бул көчө байыркы кылымдардагы Ош шаарынын көчөлөрүндөй болуп жасалгаланган. Көчөдө наабайкана, устакана, жарчылар, комузчулар, маскарапоздор, короз, бөдөнө уруштуруу, сөөрү, чайкана, өтүкчүлөр дүкөнү жана башка көчмөн элинин турмушу чагылдырылган. Байыркы элес берилген көчөдө сурнайчылар, кернейчилер элди чакырып, өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулайт.

Жеңиш аянтында улуттук тамак-аш фестивалы старт алды. Сүт азыктарынан, эт азыктарынан жасалган улуттук тамак-аштар, гүл азык, суусундуктар коюлуп, палоо көргөзмөсү өткөрүлөт. Мында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан катышуучулары түркүн даамдарды тартуулашат.

Аталган фестивалдын биринчи күнүнүн аягы “Алымбек Датка” эс алуу багында уюштурулган “Каада салт” конкурсу менен жыйынтыкталды. Бул бөлүмдө тушоо кесүү, баланы бешике бөлөө, кыз узатуу, өрлүктөө, көч келди, чач өрүү, сөйкө салуу, келин алуу, куда тосуу каада салттары театралдаштырылып көрсөтүлдү.

Баардык аянттардагы иш-чаралар чыгармачыл топтордун жана фольклордук ансамблдердин коштоосунда өткөрүлүүдө.

Фестиваль 3-июньда соңуна чыгып, Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулган Кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы концерт менен аяктайт.

Иш чаранын уюштуруучулары:  «Тарых жана маданият» жылын өткөрүү боюнча уюштуруу дирекциясы,  II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгы, Ош шаарынын мэриясы, КРӨнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү.