08.05.2016 12:00

Түркияда өткөрүлгөн илимий симпозиумда ДКО 2016 туристтик фестивалын таанытуу иш-чарасы болуп өттү


2016-жылдын 6-8-майында Кахраманмараш шаарында (Түркия) “Түрк күрөшүнүн салттуу түрлөрү жана элдик оюндары” аталышындагы  III Эл аралык симпозиум болуп өттү.

Илимий симпозиум Түркия Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан Кахраманмараш провинциясынын округу, Кахраманмараш шаарынын мэриясы, Кахраманмараш университети жана Кахраманмараш шаарынын күрөштүн салттуу түрлөрү боюнча федерациясынын катышуусу менен уюштурулган, жана ага 45 илимий докладдарын жасоо менен Түркиядан, Кыргызстандан, Орусиядан (Крым, Чечен Республикасы, Дагестан), Молдова, Грузия жана Азербайжандан келген, спорттун салттуу түрлөрү боюнча тармакта иш алып барган окумуштуулар, уюштуруучулар жана тажрыйба жүргүзүүчүлөр катышты. 

Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясы (ДЭК) жана “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” катчылыгынын атынан педагогика илимдеринин кандидаты, КРнын Дене тарбия жана спорт тармагына эмгеги сиңген ишмер, профессор К. Мамбеталиев катышты. Симпозиумдун пленардык жыйынында ДЭК жана Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын миссиясы тууралуу маалымат менен коштолгон “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” тууралуу таанытуу иш-чарасы болуп өттү. Ошондой эле А. Акибаев менен бирге даярдалган “Этноспорт кыймылынын эл аралык форматы: глобализациянын глобалдуу чакырыгы” жана “Этноспорт кыймылынын өнүгүүсүнүн фактору катары Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын күрөштүн салттуу түрлөрү боюнча фестивалы” темасындагы докладдар жасалды.

Симпозиумдун алкагында федерация башчыларынын бири Гюнал Генчтин жетектөөсү алдында Түркиянын спорттун салттуу түрлөрү боюнча улуттук федерациясынын жана Караман провинциясынын күрөштүн салттуу түрлөрү боюнча федерациясынын өкүлдөрү (Шахин Мехмет), Орусиянын күрөш боюнча федерациясынын өкүлдөрү – Крым Республикасы (Яраев Сейдемет), Дагестан Республикасынын, Чечен Республикасынын; Грузиянын, Азербайжандын  өкүлдөрү иш алып барды. Бул өкүлдөр менен бирге эле Молдавия университетинин өкүлү –  профессор Радова Ольга менен Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын таанытуу жана ага катышуу боюнча теманын алкагында жеке жолугушуулар өткөрүлдү.

Түркиянын өкүлдөрү 2016-жылы өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына 300-400 кишиден түзүлгөн өкүлдүк делегация катышууга ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Кахраманмараш шаарынын губернатору жана мэри Мустафа Пояраш, Кахраманмараш университетинин ректору профессор Дармаш Девеси менен болгон жолугушууларда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жана Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясы тууралуу кыскача маалымат жана таанытуу материалдары берилип, сувенирдик белектер ыйгарылды. Бул жолугушуулар  Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын жана Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алга карай жылышына көмөкчү болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, “Алыш” федерациясынын жана “Эр эниш” клубунун атынан кыргыз спортчулары катышкан спорт фестивалында Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жана Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясы тууралуу таанытуу иш-чарасы уланды. Биздин спортчулар мелдештерге катышуудан сырткары “Кара жорго” ырынын коштоосунда Алыш күрөшү,  ат үстүндөгү жекеме-жеке кармашуу жана атчан жүрүш чеберчилиги боюнча көргөзмө оюндарын тартуулашты.