Колдонмону көчүрүү:

Азербайжан Республикасы

Азербайжан (расмий аталышы – Азербайжан Республикасы) – Закавказьенин чыгышында, Каспий деңизинин жээгинде орун алган. Айрым маалыматтарга караганда, Алдыңкы Азияга жана Жакынкы Чыгышка тиешелүү болгон мамлекеттин кандайдыр бир бөлүгү Чыгыш Европага да тийиштүү. 2013-жылы январь айындагы маалыматтар боюнча республикадагы калктын саны 9 миллонду түзөт, ал эми аянты – 86 600 км². Бул маалыматтар Азербайжандын Закавказьедеги эң ири мамлекет экендигин тастыктап турат. Дүйнөдө калктын саны боюнча 91-орунга, аянты боюнча 112-орунга ээ. 

Курамында 66 район, республикага караштуу 11 шаар жана Нахчиван Автономиялык Республикасы бар.

Каспий деңизи чулгап турган мамлекет Орусия, Грузия, Армения жана Иран менен чектешет.

Эгемендүүлүктү (СССРден) 1991-жылы 18-октябрда алган.
Расмий тили – азербайжан тили (азери).
Борбору – Баку шаары.
Эң ири шаарлары – Баку, Гянджа, Сумгант, Мингечаур, Хырдалан, Ленкорань, Нахичевань, Ширван, Ханкенди.
Башкаруунун формасы – президенттик республика.
Мамлекеттик дини – светтик өлкө.
Аянты -  86 600 км².
Акча бирдиги – манат.
ISO коду – AZ.
IOC коду – AZE.
Убакыт аралыгы - UTC +4.