Колдонмону көчүрүү:

Казакстан Республикасы

Казакстан – Евразиянын борборунан орун алган мамлекет. Көпчүлүк бөлүгү Азияга, ал эми кичинерээк бөлүгү Европага тийиштүү. Калкынын саны – 17 733 198 киши. Дүйнөдө аянты боюнча 9-орунда, САЖПнин ИДПсы боюнча 42-орун жана калкынын саны боюнча 62-орунда турат.

Каспий деңизи, Алдыңкы Поволожье, Урал, Сибирь, Кытай жана Орто Азиянын ортосунда жайгашкан.

Аянты боюнча дүйнөдө 9-орунга, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 2-орунга ээ. Каспий жана Арал деңиздери чулгап турат. Казакстан – Дүйнөлүк океан менен байланышпаган эң ири мамлекет.

Эгемендүүлүктү  1991-жылы 16-декабрда алган.
Расмий тилдери – казак тили – мамлекеттик, орус тили –расмий тили.
Борбору – Астана.
Эң ири шаарларды – Алматы, Шымкент, Астана, Караганда.
Башкаруунун формасы – президенттик республика.
Президенти – Нурсултан Назарбаев.
Аянты – 2 724 902 км².
Акча бирдиги – тенге.
ISO коду – KZ.
IOC коду - KAZ.
Убакыт аралыктары - UTC +05:00 и UTC +06:00.