Колдонмону көчүрүү:

Кыргыз Республикасы

Кыргыз Республикасы – Орто Азияда жана Тянь-Шандын батыш жана борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн – Казакстан, батышынан – Өзбекстан, түштүк-батышынан – Тажикстан, түштүк-чыгышынан жана чыгышынан – Кытай Эл Республикасы менен чектещет. Борбор калаасы эң ири шаар – Бишкек.

Дүйнөдө аянты боюнча 86-орунду, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 7-орунду ээлейт. 2016-жылы 26-ноябрдагы маалымат боюнча калктын саны 6 млн. кишиге жетип, дүйнөдө калктын саны боюнча 111-орунга ээ болду.

Эгемендүүлүктү 1991-жылы 31-августта алган.
Мамлекеттик тили – кыргыз тили.
Расмий тили – орус тили.
Борбору – Бишкек.
Эң ири шаарлары – Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Кол, Токмок.
Башкаруунун формасы – парламенттик-президенттик республика.
Президенти – Алмазбек Атамбаев.
Аянты – 199 951 км².
Акча бирдиги – сом.
ISO коду – KG.
IOC коду – KGZ.
Убакыт аралыгы - UTC+06:00.