Колдонмону көчүрүү:

Орусия Федерациясы

Орусия (расмий аталышы – Орусия Федерациясы) – Чыгыш Европадагы жана Түндүк Азиядагы мамлекет. Калкынын саны 146 544 710 киши, аянты – 17 125 191 км². Дүйнөдө аянты боюнча 1-орунда, калкынын саны боюнча 9-орунда турат.

Федеративдик түзүлүштөгү аралаш республика.

Орусиянын курамында 85 субъект  (анын ичинен 46сы облус, 22 республика, 9 край, 3 федералдык деңгээлдеги шаар, 4 автономдук округ жана 1 автономдук облусу) бар.

Орусия 18 мамлекет менен чектешип турат. Бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Кургактыкта – Норвегия, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Белоруссия, Украина, Абхазия, Грузия, Түштүк Осетия, Азербайжан, Казакстан, Кытай, Монголия, Түндүк Корея; деңиз чек арасы – Япония жана АКШ менен чектешет.

Орусия – өтө чоң этномаданий көп түрдүүлүк менен айырмаланып турган көп улуттуу мамлекет.

Орусия толугу менен Жердин түндүк жарым шарын, Евразия материгинин түндүгүн ээлейт. Тынч жана Түндүк муз океанынын суулары, Атлантика океанынын Балтика, Кара, Азов деңиздери жана Каспий деңизи курчап турат. Орусия дүйнөдө эң узун деңиз сызыгына -  37 653 км ээ. Урал тоолору Орусияны европалык жана азиялык бөлүктөргө бөлүп турат.

Расмий тили – орус тили.
Борбору – Москва.
Эң ири шаарлары - Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Нижний Новгород, Казань, Челябинск, Самара, Омск, Ростов-на-Дону, Уфа, Пермь, Красноярск, Воронеж, Волгоград.
Башкаруу формасы – президенттик-парламенттик республика.
Акча бирдиги – рубль.
ISO коду - RU.
IOС коду - RUS.
Убакыт аралыгы - UTC +2…+12 (жалпысынан 11 убакыт аралыгы бар).