05.08.2016 20:17

БАЭнин өкүлдөрү ДКОда шумкарлар менен иштөөнүн жана машыктыруунун жаңы ыкмаларын көргөзөт

БАЭнин спорттун салттуу түрлөрүнүн – шумкарлар менен аңчылыктын өкүлдөрү 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышат.

КРнын БАЭдеги элчилиги маалымдагандай, жакында өтө турган Оюндарда Абу-Дабинин Шумкар менен аңчылык клубу (Abu Dhabi Falconers Club)  шумкарлар менен иштөөнүн жана машыктыруунун жаңы иштелип чыккан ыкмаларын   көргөзүүгө ниеттенип жатат. 

Делегацияны Көчмөндөр Оюндарын чагылдыра турган БАЭнин эки ири басмасынын журналисттери коштомокчу.