14.06.2016 12:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары венгердик чоң курултайдын кызыгуусун жаратты


КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укутуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматында K-News билдиргендей, Кыргызстандагы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышуу Венгриядагы чоң курултайдын кызыгуусун жаратты.

“Венгриядагы дүйнөлүк курултайга болжолу менен 150 миң киши катышат, бирок белгилей кетчү нерсе, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары  эл аралык бренд катары азыртадан тааныла баштады” – дейт Курултайдын төрагасы Андраш Жолт Биро.

Андраш Биро КР Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев менен мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү. Андраш Биро: “Биз II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышууга жана өзүбүздүн программабызды көрсөтүүгө даярбыз. Мындан сырткары, Оюндардын уюштуруучуларына керек болгон жардамды бере алабыз, мисалы, иш-чараларда коопсуздукту камсыздоо боюнча” – деп белгилей кетти.

Ыйгарым укуктуу өкүл билдиргендей, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын жана венгердик чоң курултайдын демилгелери дал келип, көчмөн цивилизациясынын мурасын изилдөөгө негиз түзүп берип жатат.

Акибаев: “Алар дүйнөдөгү мамлекеттерди бириктирип, ошол эле учурда улуттук маданияттын ар түрдүүлүгүн жана колоритин, көчмөн элдеринин философиясынын жана тарыхынын тереңдигин көрсөтүп турат”.

Андраш Жолт Биро – венгердик антрополог, Венгриянын Жаратылыш музейинин  антропология бөлүмүндө илимий изилдөөчү болуп иштейт. Андраш Бирого таандык илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эл аралык бир  далай кызыгууларды жаратты жана венгердик чоң курултайга тиешелүү гунн-түрк элдеринин фестивалын уюштурууга жана өткөрүүгө негиз болуп бере алды

Алынган булак: KNEWS