27.08.2018 12:51

III Дйүнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда коптерлорду, дрондорду колдонууга тыюу салынат

Ысык-Көл облусунда 2-8-сентбрда III Дйүнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде учуучу аппараттарды (дрондор, копетрлор, авиамоделдер жана башкалар) колдонууга тыюу салынат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторунун, катышуучулардын коопсуздугун жогорку деңгээлде коргоо үчүн учуучу аппараттарга уруксат берилбейт. Ат майданда жана Кырчын капчыгайында 2-8-сентябрларда тартуучу уча турган аппараттарга учурууга болбойт. Учуучу аппараттар менен жаздырбоо, тартпоо маалыматын бардык ЖМКларды кабыл алууну өтүнөбүз. Кырчында жана ат майданда учуучу аппараттар менен тартуу үчүн абаа аймагын колдонуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары катчылыгынын уруксаты менен гана аткарылат.