01.09.2018 19:04

Конокторду тосуп алуу үчүн “Ысык-Көл” аэропортунда боз үйлөр тигилди

Кыргызстандын  ири масштабдагы маданий-спорттук долбоорунун башталышына бир күн калды. Катышуучулар жана коноктор бир нече күндөн бери келип жатышат.

  Коноктордун көпчүлүк бөлүгү борбордук “Манас” аэропортуна келип түшүшуп, аларды улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышууда.  

  Ал эми Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунда өтө урматтуу коноктор тосулуп алынмакчы. Аларды тосуп алуу үчүн аэропорттун аймагына кыргыздардын көчмөн турмушун, маданиятын  чагылдырган 3 боз үй тигилди. 

lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюну эртең 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында расмий ачылат.