04.09.2018 17:36

Кырчында Ош облусу “Хан көтөрүү” каада-салтын көрсөтүштү

III Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда буга чейин бекитилген программага ылайык иш-чаралар уланды. Кыргызстандын 7 облусу өpдөрүнүн ордосунда түрдүү улуттук оюндарды, театралдашкан оюн-зоокторду тартуулашты.    

Алсак, Ош облусу театралдашкан кыргыз элинин “Хан көтөрүү”  каада-салтын, нарк-насилин көрсөтүштү. Алгач аксакалы жайкалган даанышман чыгып, ак шумкарды учуруп ал кимдин башына консо ошону хан шайлап алууну сунуш кылды. Көтөрүлгөн ак шумкар элдин үстүнөн айланып учуп, бир азаматтын башына барып конуп, ал жигитти ак кийизге салып, ак боз бээни чалып хан көтөрүп алышты.

Журт аксакалы хандын эл алдындагы милдетин айтып, эл алдында ант бердирип, жалпы журттун батасы берилди.

Бул театралдашкан көрсөтүү Кырчынга келген меймандардын көңүлүн көтөрүп, айрыкча чет элден келген меймандардын зор кызыгуусун туудурду.

Андан кийин Ош облусунун таланттары өнөр көрсөтүштү. Өзгөчө Кыргыз эл артисти, айтылуу обончу-ырчы Жолболду Алыбаев чыкканда көпчүлүк кол чабуулар менен тосуп алды.

 Эмгек жана социалдык коргоо  министрлигинин Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Балтабаев Абдувалинин айтымында, Ош облусу 18 боз үй тигишкен. Анын ичинен 4 боз үй атайын сынакка катышып жатса, 3 боз үй Кырчын этнобазарына тигилген. Мындан тышкары Ош облусу “Элдик чыгармачылык”, “Кол өнөрчүлүк”, облустар аралык улуттук тамак-аш “Гүлазык” конкурсуна катышып жатышат.

Ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунун Кырчын жайлоосундагы ордолорунда кеңири программадагы маданий иш-чаралар көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү, чет элдик меймандарды, журналисттерди өзүнө тартууда.