31.08.2018 20:27

Ысык-Көл облусунун спорттук жана маданий объекттери III ДКОнун иш-чараларын өткөрүүгө даяр

Эртең, 1-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Уюштуруу комитети аталган объекттерди генералдык кабыл алуудан өткөрөт.

Кырчын

Кырчын жайлоосунда боз үйлөр шаарчасы курулду. Анда Кыргызстандын облустарынын, Бишкек, Ош шаарларынын боз үйлөрү да тигилди. “Көчмөндөрдүн алтын доору” театралдашкан көрсөтүүлөрүн, этномаданият иш-чараларын көрсөтүүгө башкы сахна –Хан Ордо орнотулду. Белгилесек, мында даярдыктар толгу менен жүрүп жатат. Мындан сырткары, этношаарчанын жогорку коноктору үчүн VIP-орду да даяр. “Чет элдик жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн 12 боз үйдөн Пресс-Ордо уюштурулуп, ДЧБнын пресс-борборуна барбастан Кырчындан түз видеомаалыматтарды жөнөтүү үчүн компьютерлер, мантаждоо үстөлдөрү коюлду. Бул үчүн “Кыргызтелеком” ААК ДКОнун бардык локацияларын, Кырчынга да 22 км оптикалык-волокондорду тартып, жогорку ылдамдыктагы интернет жана wi-fi менен камсыздады”, - деп маалымдады Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, «Медиа жана PR» жумушчу тобунун жетекчиси Айнура Темирбекова. “Суу менен камсыздоо, жол, электр энергиясы, даараткана сыяктуу инфраструктурага байланышкан жана башка маселелер чечилди. Тейлөөчү, камсыздоочу адистер бардыгы ордунда. Коомдук даараткананын санитардык абалы дайыма жооптуу жактардын көзөмөлүнө алынды. Бул үчүн тиешелүү кызматкерлерден атайын штаб түзүлдү. Штабдын мүчөлөрү ар бир эки саатта тиешелүү маселелерди жеринде, оперативдүү чечип беришет. Кырчын этношаарчасында коопсуздукту коргоо, күч структуралары, медициналык жана башка кызматтар күчөтүлгөн режимде иштешет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин тиешелүү кызматтарынын орду да белгиленди”, - деди туризм департаментинин директору, Кырчын этношаарчасынын штабынын жетекчиси Азамат Жаманкулов.

“NOMAD” амфитеатры

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, “NOMAD” амфитеатр штабынын жетекчиси Айнура Султанбаеванын айтымында, этномаданият иш-чаралары өтө турган амфитеатрда, техникалык жабдыктар менен камсыздалып, монтаждык, LED-экрандарды орнотуу иштерди жүрүүдө. Мындан сырткары, ыктыярчылар жана делегациялардын катышуусунда башкы даярдыктар жүрүп жатат.

Ат майдан

Ат майдан этноспорттук иш-чаралар өтүүчү башкы аянт, ошондой эле Оюндарга келүүчү конокторду тосууга даяр. МАТЧ ТВ жана КТРК түз алып көрсөтүүгө, телекөрсөтүүлөр менен камсыздоого техникалык кызматтары монтаждоо жана орнотуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары, ат майданда Оюндардын салтанаттуу ачылышына даярдыктар үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Ден соолукту чыңдоо борбору (ДЧБ) Пресс-борбор журналисттердин иштөөсү үчүн интернетке түз байланышкан 45 ноутбук, компьютер менен жабдылган монтаждык студия, керектүү уюштуруу техникалары менен жабдылды. ДКОнун бардык локацияларын түз алып көрсөтүүчү мониторлор орнотулду Белгилесек, Кыргызстанда 26-сентябрдан тарта спорт жана маданият өкүлдөрү, чет элдик журналисттер келе башташты. Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан жана Ак-Тилек, Каркыра, Торугарт, Ак-Жол унаа жол көзөмөл-өткөрмө пункттарынан тосуп алышып, аларды ЖККББ кызматынын коштоосунда Ысык-Көл облусуна чейин жеткиришүүдө.