Колдонмону көчүрүү:
Катышуу шарттары

Катышуу шарттары

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016-жылдын 3-8 сентябрында Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.
Орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары.
Келүү күнү: 1-2-сентябрь, 2016-жыл.
Делегаттарды (катышуучуларды) каттоо: 2-сентябрь, 2016-жыл.
Оюндардын салтанаттуу ачылышы: 3-сентябрь, 2016-жыл.
Оюндардын салтанаттуу жабылышы: 8-сентябрь, 2016-жыл.
Делегаттарды (катышуучуларды) узатуу күнү: 9-сентябрь, 2016-жыл, саат 14:00гө чейин.

I. Максаттары жана милдеттери.

1. Дүйнө жүзүндө этноспорттук кыймылдын өнүгүүсүнө көмөктөшүү;
2. Дүйнѳлүк көчмөн элдердин этноспортторунун, салттуу оюндарынын жана мелдештеринин түрлөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу;
3. Дүйнө элдеринин этномаданиятын өнүктүрүүгө жана сактап калууга көмөктөшүү;
4. Дүйнѳ элдеринин салттуу оюндарынын, этноспортторунун жана мелдештеринин түрлөрүн, этноспорттук кыймылды илимий жана уюштуруучулук-методикалык жактан негиздөөгө көмөктөшүү;
5. Дүйнө элдеринин ортосунда достукту, ынтымакты жана кызматташтыкты чыңдоо жана андан ары ѳнүктүрүү.

II. Катышуу.

II ДКОнун программасына киргизилген спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышууга өз убагында табыштама берген өлкөлөр катыша алат.

III. Жоопкерчилик (кабыл алуу шарттары).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорта Мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөр үчүн жооптуу:

1. II ДКОну өткөрүү (спорттук бөлүк);
2. чет элдик делегацияларды (жетекчилерин, спортсмендерин, калыстарын, машыктыруучуларын) тосуп алуу жана коштоо;
3. жылкыларды, иттерди, куштарды багуу, алардын жеми;
4. мелдештерди өткөрүү убагында чет элдик делегациялардын Бишкек – Чолпон-Ата – Бишкек маршруту боюнча жана бардык жүрүүлөрүндөгү транспорттук чыгымдары;
5. мелдештерди өткөрүү убагында эки жакка жана бардык жүрүүлөрдө спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын, машыктыруучулардын, уюштуруу комитетинин, жумушчу топтун, калыстар тобунун, медициналык персоналдын транспорттук чыгымдары;
6. транспортту жана курулмаларды ижаралоо;
7. спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясын спорттук эпикировка, спорттук шаймандар, дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу;
8. мелдештерди өткөрүү ордун даярдоо.

Мелдешке катышуучуларды, машыктыруучуларды жана калыстарды жөнөтүү боюнча чыгымдар (катышуучу өлкөдөн кабыл алуучу өлкөгө чейинки жол кире, тамак-ашы, жолдо жылкыларды жем-чөп менен камсыз кылуу, жылкыларды коопсуз жеткирүү, эмгек акысын сактоо) иш сапарга жиберген уюмдар тарабынан төлөнөт.

Жаныбарларды ташып келүү менен байланышкан ветеринардык жана бажы жол-жоболору кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кабыл алуучу өлкө бажы жол-жоболорун жеңилдетүү үчүн бардык чараларды көрөт.

IV. Көрсөтмө оюндары.

II ДКОго катышуучу өлкөлөр өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен көрсөтмө оюн катары өздөрүнүн өлкөсүнүн улуттук оюндарынын бир түрүн кошумча көрсөтө алат.

Дүйнө элдеринин оюндарынын программасы катышкан өлкөлөрдүн берилген табыштамаларына ылайык түзүлөт.

Ар бир катышуучу өлкө спорт делегациясын (спортсмендерин, машыктыруучуларын жана расмий өкүлдөрүн) өзүнүн өлкөсүнүн улуттук кийими жана спорттук шаймандары менен камсыз кылууга тийиш. Ошондой эле өздөрүнүн улуттук гимнин жана туусун алдын ала бериши зарыл.

V. Табыштама берүү убактысы жана тартиби.

II ДКОго катышуу үчүн алдын ала табыштамалар 2016-жылдын 7-июлуна чейин, ал эми такталганы 2016-жылдын 7-августуна чейин Мамагенттикке караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын дарегине өкүлдөрдүн, калыстардын, машыктыруучулардын жана катышуучулардын толук аты-жөнүн көрсөтүү менен, 4х6 өлчөмдөгү фотосүрөттөрүн тиркеп, электрондук форматта жиберилет.

Электрондук почтанын дареги (e-mail): info@worldnomadgames.com.

Ат спортунун түрлөрү боюнча мелдештердин катышуучуларында медициналык маалымкат (бардык алынган вакциналарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен) жана камсыздандыруу полиси болушу керек (“Көк бөрү”, “Чоң ат чабыш”, “Ат чабыш”, “Жорго салыш”, “Кунан чабыш”, “Эр эңиш”). Жылкыларды мелдештерге минүүгө уруксат берген ветринардык врачтын маалымкаты калыстар коллегиясына берилиши керек.

VI. Каттоо.

Келгенден кийин командалар табыштаманы мандаттык комиссияга бериши керек, анда катышуучунун толук аты-жөнү, анын спорттук рангы, берейтордун жылкысынын саяпкери, жылкынын ээси, жылкынын жашы, түсү жана породасы камтылат, табыштамага бир фотография тиркелет. Мындан тышкары жылкынын таандыктыгын ырастаган мамлекеттик органдан маалымкатты берүүгө тийиш.

Курагы 18ден жаш болгон спортсмендерге мелдештерге катышуу үчүн бардык зарыл документтерди иш сапарга жиберген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык алышы керек.

Ар бир өлкө, эгерде кааласа, II ДКОнун мелдештеринин программасынын бөлүгү болуп эсептелбеген көрсөтмө оюндар түрүндө өзүнүн элдик оюндарынын же спорттун этностук түрүн көрсөтүүгө укуктуу. Көрсөтмө оюндардын программасы катышкан өлкөлөрдүн берген табыштамаларына ылайык даярдалат.

VIII. Сыйлыктарды ыйгаруу.

II ДКОнун программасына кирген спорттун түрлөрү мелдештерде байгелүү орунду ээлеген командалар жана спортсмендер Мамагенттик аныктаган кубоктор, медалдар, дипломдор, акчалай байгелер жана башка атрибутка менен сыйланат.

IX. Документация.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жөнүндө Жобо.

Табыштама, спортчунун анкетамашыктыруучунун (калыс/жетекчи) анкета.

Өлкөнүн спорттук курама командасынын саны.

Башкы демөөрчүлөр

http://worldethnosport.org/
https://www.megacom.kg
http://www.turkishairlines.com/en-int

Расмий демөөрчүлөр

http://tsum.kg
http://www.btabank.kg/ru/
http://www.gazprom-neft.kg
http://www.tika.gov.tr/en
http://www.kt.kg
http://grundfos.kz
http://www.energysave.kg
http://grupart-eu.de/index_.php?artid=25&lang=ru

Демөөрчүлөр

http://adver.kg
http://ayuholding.kg
https://airbushelicopters.com/

Расмий өнөктөштөр

http://www.turkkon.org/en-US/HomePage
http://kicb.net/
http://www.kjd.kg/ru/
http://olympic.kg
https://beeline.kg
http://www.demirbank.kg

Өнөктөштөр

http://kantcement.kg
http://www.airport.kg/ru/
http://www.kazminerals.com
http://shoro.kg
http://www.o.kg
http://www.market.kg
http://www.akdn.org
http://www.fez.kg
http://www.logic.kg
http://bpetroleum.kg
http://www.air.kg
http://www.ata.kg
http://lion.kg
http://www.thefarm.vc
http://bishkekpark.kg
http://www.antares.kg/ru
http://bigser.kg
https://svetofor.info
http://portertaxi.kg/
http://www.sierra.kg/
http://www.airmanas.com
http://www.honey.kg
http://www.aigine.kg/index.php?lang=ru
http://www.ibc.kg
http://www.cbk.kg
http://artasian.co/ru/
http://nomadyurt.com
http://www.akk.kg
http://www.rib.kg/ru/
http://talisman.kg
http://www.prego.kg
http://clubhotel.kg

Медиа-өнөктөштөр

http://www.ktrk.kg
http://www.eltr-tv.kg
http://nts.kg
http://kg.mirtv.ru
http://boorsoktv.kg
http://www.kabar.kg
http://akipress.org
http://ru.sputnik.kg
http://knews.kg
http://www.azattyk.org
http://www.super.kg
http://europa.kg
http://obondoru.kg/onlajn-radiosu/
http://maralfm.kg
http://www.radiorecord.ru
http://www.bbc.com/kyrgyz
http://krifcom.com
https://silkroadexplore.com