Күлүктөрдү ижарага алуу
Эгерде ат чабышка жана ат жарыштарына катыша турган чет элдик командалар кандайдыр бир себептер менен өзүнүн күлүгүн алып келе албаса, алар бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2016-жылдын 20-августуна чейин кабарлашы керек. Бул учурда, кабыл алуучу өлкө (оюндар өтүп жаткан өлкө) тарабынан командалар тиешелүү күлүктөр менен камсыздалат. Кабыл алуучу өлкө (оюндар өтүп жаткан өлкө) чет элдик командаларга тиешелүү күлүктөрдү тандоосу үчүн баардык шарттарды түзүп берет.
Көк-бөрү, эр эңиш, жирит жана атчан жаа атуу боюнча мелдешке катышуу үчүн күлүктөрдү ижарага алуу каражаттары кабыл алуучу өлкөнүн эсебинен төлөнөт.
Ат чабыш боюнча мелдешке катышуу үчүн күлүктөрдү ижарага алуу каражаттары, чабандеси менен бирге гана, катышып жаткан командалардын эсебинен төлөнөт.
Күлүктөрдүн ижарасы боюнча Кыргыз Республикасынын “Аргымак” (ат чабыш) федерациясынын дарегине кайрылсаңыздар болот. Эргешова Айнура, тел.: +996 555 374-054, эл. почта: ergeshova@mail.ru.