Колдонмону көчүрүү:
Ыктыярчылар

Ыктыярчылар

ДКО ыктыярчылары деп аткарып жаткан ыктыярчылык ишмердүүлүгү үчүн акча албастан өзүнүн тажрыйбасын, билимин, жөндөмдүүлүгүн жана убактысын жумшоо менен “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” туризм фестивалын уюштурууга жана өткөрүүгө катышуусу тууралуу жарандык жана укуктук келишимди түзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары эсептелинет.

Жашы 18ден жогору болгон Кыргыз Республикасынын жараны ыктыярчы боло алат.

Ыктыярчылар төмөндөгү сапаттарга ээ болушу керек:

    - ак ниеттүүлук, боорукердик;
    - эмгекчилдик;
    - жардамын аябоо, бирдикте иш алып барууну билүү;
    - жоопкерчилик;
    - байланыш куруу, тил табышуу жөндөмдүүлүгү;
    - эпчилдик, шамдагайлык;
    - кыйынчылыктарга туруштук бере алуу;
    - лидердик сапаттарга ээ болуу;
    - ыктыярчылык тажрыйбага ээ болуу;
    - чет тилдерди билүү.

Оюндар аркылуу ыктыярчылар төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алат:

    - Кыргыз Республикасына таандык эл аралык ири долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгү;
    - уникалдуу тажрыйбага ээ болуу;
    - ар кандай мамлекеттерден келген жаңы достор менен таанышуу;
    - чет тилдик тажрыйбасын топтоо;
    - ДКО ачылыш жана жабылыш аземине, ДКО алкагындагы спорттук жана маданий иш-чараларга күбө болуу;
    - ДКО башталгандан тарта жатакана жана тамак-аш менен, ошондой эле транспорт менен камсыздалат;
    - спорттук кийимге жана сувенирлерге ээ болуу;
    - тренинг жана семинарларга катышкандыгы тууралуу сертификаттар;
    - ДКО уюштурууга жана өткөрүүгө катышкандыгы тууралуу сертификат.

Дұйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына 700 ыктыярчы катышат.  

Ачылыш аземинде 500 ыктыярчы бий бөлүмүнө катышат. Алардан эң негизгиси бийлөөгө шыктуулугу талап кылынат. Бийлей турган ыктыярчылардын  ачылыш аземине даярдык көрүү боюнча машыгуулары күн сайын 2016-жылдын 1-июлунан 27-августуна чейин өтөт.

Оюндардын спорттук иш-чараларына 200 спорттук ыктыярчылар катышат. Алардын эң негизги милдеттери спорттук делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүү, Оюндардын ачылыш жана жабылыш аземинде көрүүчүлөрдү жана келген конокторду жайгаштырууну уюштуруу, Оюндардын алкагында өтө турчу спорттук жана маданий иш-чараларды уюштурууга жардам көргөзүү болуп саналат.

Спорттук ыктыярчылар май айынан июнь айына чейин төмөндөгү тренингдерге жана семинарларга катышты:

1. Ыктыярчылыктын пайда болуу тарыхынан (ыктыярчылык жана жаштар менен иш алып баруунун өзгөчөлүктөрү);
2. Биринчи тез жардам көрсөтүү;
3. Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана спорт  тарыхы тууралуу (спортчулар, жетишкендиктер, федерациялар)
4. Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу (республикадагы шаарлардын тарыхы, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын географиясы, вокзал жана аэропорттордун жайгашкан жери тууралуу);
5.Дипломатиялык протокол жана этикет (коомдук дипломатия, делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүү);
6.Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө (тарыхы, эрежелери);
7.Топту түзүү жөндөмдүүлүгү (топто иштөөнүн принциптери);
8. Байланыш куруу жана лидердик сапаттар (ар кандай адамдар менен тил табышып кетүү);
9. PR/SMM/ММК/Медиа (коомчулук менен байланыш, социалдык тармактарда иш алып баруу, аудио, сүрөт жана видео съемканы жүргүзүү);
10. Убакытты туура пайдалануу жана логистика;
11. Өзгөчө кырдаалдар учурунда жасала турчу иш-аракеттер.

Ыктыярчылык/ыктыярчылардын кыймылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик агенттиктин алдындагы республикалык “Манас” жаштар ордосунун, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары катчылыгынын  жетекчилиги астында уюштурулду.

Башкы демөөрчүлөр

http://worldethnosport.org/
https://www.megacom.kg
http://www.turkishairlines.com/en-int

Расмий демөөрчүлөр

http://tsum.kg
http://www.btabank.kg/ru/
http://www.gazprom-neft.kg
http://www.tika.gov.tr/en
http://www.kt.kg
http://grundfos.kz
http://www.energysave.kg
http://grupart-eu.de/index_.php?artid=25&lang=ru

Демөөрчүлөр

http://adver.kg
http://ayuholding.kg
https://airbushelicopters.com/

Расмий өнөктөштөр

http://www.turkkon.org/en-US/HomePage
http://kicb.net/
http://www.kjd.kg/ru/
http://olympic.kg
https://beeline.kg
http://www.demirbank.kg

Өнөктөштөр

http://kantcement.kg
http://www.airport.kg/ru/
http://www.kazminerals.com
http://shoro.kg
http://www.o.kg
http://www.market.kg
http://www.akdn.org
http://www.fez.kg
http://www.logic.kg
http://bpetroleum.kg
http://www.air.kg
http://www.ata.kg
http://lion.kg
http://www.thefarm.vc
http://bishkekpark.kg
http://www.antares.kg/ru
http://bigser.kg
https://svetofor.info
http://portertaxi.kg/
http://www.sierra.kg/
http://www.airmanas.com
http://www.honey.kg
http://www.aigine.kg/index.php?lang=ru
http://www.ibc.kg
http://www.cbk.kg
http://artasian.co/ru/
http://nomadyurt.com
http://www.akk.kg
http://www.rib.kg/ru/
http://talisman.kg
http://www.prego.kg
http://clubhotel.kg

Медиа-өнөктөштөр

http://www.ktrk.kg
http://www.eltr-tv.kg
http://nts.kg
http://kg.mirtv.ru
http://boorsoktv.kg
http://www.kabar.kg
http://akipress.org
http://ru.sputnik.kg
http://knews.kg
http://www.azattyk.org
http://www.super.kg
http://europa.kg
http://obondoru.kg/onlajn-radiosu/
http://maralfm.kg
http://www.radiorecord.ru
http://www.bbc.com/kyrgyz
http://krifcom.com
https://silkroadexplore.com