Колдонмону көчүрүү:
Салттуу жаа атуу

Салттуу жаа атуу


Жаачылардын салттуу жаа атуу мелдештери.

Команданын курамы 16 киши: 13 жаачы (10 эркек, 3 аял), 2 машыктыруучу, 1 калыс. Курагы 16 жаштан жогору болгон катышуучулар катыша алат. Мелдеш эркектер жана аялдар арсында өткөрүлөт.

Мелдештер төмөнкү тартипте өткөрүлөт:
1. Жөө жаа атуу. Команданын курамы 9 киши: 5 эркек, 3 аял, 1 машыктыруучу.
2. Атчан жаа атуу. Команданын курамы 6 киши: 5 эркек, 1 машыктыруучу.
3. Алыскы аралыкка жаа атуу. Алыскы аралыкка жаа атуу боюнча мелдештин катышуучулары жөө жаа атуу жана ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдешке катышкан спортчулар болот. Мелдештин бул түрүнө эркектер да, кыз-келиндер да катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Катышуучулардын саны чектелбейт.