Колдонмону көчүрүү:
Жирит

Жирит


Жирит – түрк элинин ат үстүндөгү найза ыргытуу улуттук оюну.

Жирит (ат үстүндө найза ыргытуу) - түрк элинин улуттук ат оюну. Бул оюн ачык аянтта өткөрүлүп, эки команда катышат. Түрк элдери байыртан бул оюнду ойношот. Алгач найзалар оор жана жоон болчу, жаракат алуу коркунучун азайтуу максатта, оюнчула найзанын жеңил түрүнө өтуштү. Команда курамы алты, сегиз,  же он эки спортчудан турат. Ар бир команда өзүнүн байрагы менен чыгат. Аттар 4 жылдыктан ылдый болбош керек.

Жирит – оюну, ат устүндө, атаандашына найзаны жакшылап ыргытуу максатта жаралган. Найзаны атаандашына ыргытуу ыкмасы жоокерерди майданга даярдап, күчкө толтуруу максатта колдонулуп, натыйжада жоокерлердин ат үстүндө шыктуулугун өөрчүгөн.

Жирит оюнунун негизги  максаты башка командадагы атаандашы көздөй жыгачтан жазалган, тумшугу мокок найзаны ыргытып, көбүүрөө упай топтоо болуп саналат.

Команданын курамы 7 чабандестен жана эки алмаштыруучу оюнчудан турат.