09.08.2016 15:39

АКШнын ордо оюну боюнча командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууда

Бишкек шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Америка Кошмо Штатынын командасынын ордо оюну боюнча биринчи машыгуусу болоп өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Ордо оюнуна жети спортчу жана запастагы бир оюнчу катышат. Машыгуулар машыктыруучу Жаныбек Айталиевдин жетекчилиги астында өттү.

Мелдештин катышуучунун айтымында, кыргыз элинин улуттук колоритин чагылдырып, ар бир кийинки кадамды туура ойлонуп баштоого көндүргөндүгү менен ордо оюну аларда оң таасирди гана пайда кылып, суктандырбай койбойт.

Көчмөндөр оюндарында АКШнын өкүлдөрү ордо, интеллектуалдык оюндар жана күрөш боюнча мелдештерге катышат.

Белгилей кетсек, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы