10.08.2018 15:27

Ашыртмалы аба күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын ашыртмалы аба күрөшү (түрк күрөшү) боюнча курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2018-жылдын 18-июлунан 2-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу өткөрүштү.  

Курамы:

1. Садыралы уулу Нурлан                1995-жылы туулган  

2. Темирлан Термесов                      1997-ж. т.  

3. Тариел Усенов                               1990-ж. т.   

4. Эсенбек уулу Тамчы                     1996-ж. т.   

5. Нияз Курманкулов                        1969-ж. т.   

6. Бейбарс Чоокбаев                        1996-ж. т.   

7. Ильич Дыйканов – жооптуу катчы.

Кыргыз Республикасынын Ашыртмалы аба күрөшү боюнча курама командасынын окуу-машыгуусун өткөрүүгө Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын бюджетинен  109 миң сом бөлүндү.

Ашыртмалы аба гюреши – “түрк гюреш” күрөшүнүн салттуу түрүнүн бири. Атаандаштын кийиминин жана денесинин каалаган жеринен кармап жыгуу Ашыртмалы аба күрөшүнүн негизги өзгөчөлүгү. Күрөшүү техникасы бутту колдонуу, белден, чапандан же бир бутунан, белинен кармап жыгуу сыяктуу ар түрдүү ыкмаларга бай. Кармашуу улуттук музыкалык аспаптар: барабан (добул) жана үйлөмө аспаптардын (зурна) чертилүүсү менен коштолот. Балбандар кой терисинен (аба) жасалган, колдор үчүн, кесилген жырыгы бар кыска жамынма же чапандарды кийип кармашууга чыгышат. Тынч учурда  да түрктөр ар дайым аскердик даярдыкта болгондугу тарыхта калыптанган. Андыктан, күрөш менен машыгууда дене тарбиясы үчүн гана эмес, өспүрүмдөр  жана мырзалар аскердик даярдыкка тиешелүү элемементтерди үйрөнүшкөн.

III ДКОнун программасына мырзалардын үч категориясы – 65, 80 килограммга чейин жана абсолюттук салмак категориялары камтылган.

Таймаш Ашыртмалы аба күрөшүнүн Эл аралык федерациясынын эрежелери менен өткөрүлөт. Абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсү “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” мелдешине катышууга укугуна ээ болот.