05.09.2018 20:27

ДКОдогу учурдагы жагдайлар боюнча пресс-конференция болуп өттү

Бүгүн, 5-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарлары Айнура Султанбаеванын, Азамат Жаманкуловдун, КР ИИМ ЖКККББнын начальниги Канат Джумагазиевдин жана Ысык-Көл раймамадминистрациясынын башчысы Дамир Иманалиевдин катышуусунда пресс-конференция болуп өттү.

 “Бүгүнкү күндө маданий-театрлаштырылган программа толугу менен өтүп жатат. Ал 3-6-сентябрь күндөрү өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө 12 кичи-шаарча курулуп, миңден ашуун боз үй тигилген”,- деп айтты Азамат Жамангулов азыркы убакта Кырчын жайлоосундагы жүрүп жаткан иш тууралуу.

4-7-сентябрь күндөрү “NOMAD” амфитеатрында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалы тууралуу Айнура Султанбаева айтып берди.

 ““Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалы – бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу өтүп жаткан уникалдуу долбоор. Бул Фестивалдын максаты: дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бөлүгү катары көчмөн элдердин этномаданий мурасын сактап калуу, глобалдашуу доорундагы бүткүл дүйнөлүк этномаданий кыймылдын алкагында эл аралык деңгээлде көчмөн элдердин этномаданий каада-салттарын жана дүйнө этносторун өнүктүрүү, даңазалоо жана алга жылдыруу. Этнофестивалга 29 өлкө жана Россия Федерациясынын 8 субъектиси катышып жатат. Бул фестивалга катышуучу өлкөлөрдүн белгилүү, эл артисттери келишкен”, - деп кошумчалады ал. 

«КР ИИМ III ДКО өтүп жаткан учурда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт», - деп айтты ЖКККББнын начальниги Канат Джумагазив. «2синен 8-сентябрды кошо алган мезгилде биздин кызматкерлер күчөтүлгөн режимде күнү-түнү иштешет. ДКО өтүп жаткан учурда жол кыймылын жөнгө салып туруу максатында республиканын ар кайсы облустарынан ЖКККББнын 700дөн ашуун кызматкери ишке тартылган», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ЖКККББнын өкүлдөрү ЖКККББнын атайын кызуу линиясы – 1262 ачылганын өзгөчө белгилеп кетишти, ал жакка ДКО өтүп жаткан мезгилде өлкөнүн тургундары жана келген меймандар жаралып калган маселелер боюнча кайрыла алышат. Эки күндүн ичинде кызуу линияга 500дөн ашуун чалуулар болгон жана алардын 57си чет өлкөлүк меймандардан түшкөн.

Ысык-Көл райадминистрациясынын башчысы Данияр Иманалиев райондун аймагына тиешелүү маселелерге, анын ичинде санитария жана жайлуулук боюнча суроолорго жооп берди. “Биз конокторду тийиштүү түрдө тосуп алуу үчүн өзүбүздүн деңгээлде бардык маселелерди чечип жатабыз. Ошондой эле ушул иш-чараны өткөрүүдө жергиликтүү элдин кошкон салымы зор болгондугун белгилей кетким келет”, - деп кошумчалады ал.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасында берметибиз Ысык-Көлдүн жээгинде үчүнчү жолу өтүп жаткандыгын белгилеп кетебиз.