10.05.2016 12:00

“Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” волонтерлугунун талапкерлери менен болгон жолугушуу


2016-жылдын 10-майында саат 10:00до Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Дұйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын волонтерлук  кыймылына катышуу боюнча арыз таштаган талапкерлер менен жалпы чогулуш өткөрүлмөкчү.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын волонтерлугуна карата жарыяланган конкурс жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана жаш активисттердин  өзгөчө  кызыгуусуна арзыды. КРнын Өкмөтүнѳ караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентствосунун алдындагы “Манас” атындагы республикалык  жаштар ордосу 3 ай бою активдүү жаштардын арыздарын кабыл алды. Талапкерлердин жалпы саны 2500гө жетти.  

Бул чогулушта талапкерлер уюштуруу комитети – Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгынын, Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын жана КРнын Өкмөтүнѳ караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентствосунун карамагындагы “Манас” жаштар ордосунун жана КРнын Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлдөрү менен жолугушмакчы. 

Жолугушуу учурунда катышуучуларга Дүйнөлүк Көчмөндөр  Оюндары  2016  фествалынын өз ыктыярдуу элчилери – Аяна Касымова жана Кайрат Примбердиев тааныштырылат.