06.07.2016 09:00

“Газпромдун” башчысы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына келет

Алексей Миллер отчеттук чарба жылынын жана акционерлердин жылдык жыйналышынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияны өткөрүп жатып ММК өкүлдөрүнө Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына келе тургандыгын билдирди: “Бул жылы өзүм Оюндарга кыргыз досторубуздун күйөрманы болуп келүүнү пландап жатам”.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде сентябрь айында өткөрүлмөкчү. Ага 40тан ашык өлкөнүн спортчулары, мамлекет жана өкмөт башчылар, спорт, маданият жана илим жаатындагы таанымал ишмерлер катышат.

Эскерте кетсек, биринчи Оюндар да эки жыл мурун дал ушул жерде өткөн. Уюштуруучулардын пикири боюнча Оюндар дүйнөлүк көчмөн цивилизациясынын жашоого сиңген, кылымдарды карыткан салттарын бекемдеп, алардын маданиятын, жашоо-тиричилигин, тарыхын ж.б. сакташы керек.

Мына ошондуктан Оюндардын программасына 80 км аралыкка чейин ат жарыштар жана ат үстүндө күрөшүү, ат үстүндө найза менен күрөшүү, жаа атуу, бүркүт салуу, тайган жарыш, улуттук күрөштүн ар кандай түрлөрү ж.б.у.с. спорттун жалпысынан 23 түрү камтылган.

“Газпромдун” башчысы маалымдагандай, бул Оюндарга карата “Газпром балдар үчүн” программасы боюнча Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекс курулуп, анда мелдештердин бир бөлүгү өтөт. Мындан сырткары, бул иш-чараны ар тараптан колдоого алуу менен бирге эле, концерн өзүнүн медиа жаатындагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү менен (телеканалдар ж.б.) дагы салым кошот.

Алынган булак: РИА Трибуна