Сапар Исаков: Өткөн биринчи Оюндардан болушунча тажрыйба топтоого аракет кылдык
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы “24.kg” агенттигине Дүйнөлүк көчмөндөр оюдары тууралуу кененирээк маалыматты берип, ДКО объекттери иш-чара аяктагандан кийин кандай максатта колдонулары, Чолпон-Атадагы ат майданы качан ачылары, VIP коноктор үчүн кандай сувенирлер даярдалып жаткандыгы тууралуу айтып берди. Ошондой эле, ДКО үчүн түшө турчу демөөрчүлүк каражаттардын эсеби эл аралык аудитке жеткиликтүү болорун билдирди.
Эске алынган кемчиликтер
“I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда кемчиликтер болду, бирок алардан биз тажрыйба топтой алдык” деген Сапар Исаков уюштуруучуларга карата кемчиликтер боюнча айтылган эскертүүлөр орундуу экенин кабыл алып, төмөндөгүлөрдү белгилеп өттү: “Биз бул биринчи кадамды жасашыбыз керек болгон, аны болгон мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша аткардык. Ал эми бөлүнгөн акча – 2,5 миллион доллар – толугу менен өзүн актап, жөн жерге корогон жок”. Жакында өтө турчу Оюндарда да кемчиликтер болбой койбойт деп айтып өттү.
ДКО-2016 бюджети тууралуу айтып жатканда, ал жалпы сумма эсептелип, иш-чара аяктагандан кийин жарыяланат деп билдирди. “Биз башында эле дүйнөнү таң калтыргыбыз келет деп айтканбыз, ал эми аны ишке ашыруу көп каражат талап кылынат. Эгерде ошол эле ачылыш жана жабылыш аземине бөлүнүп жаткан 3 миллион доллар бюджеттен болсо коомчулукта терс ой-пикир жаралмак. Ошол себептен биз демөөрчүлөрдү тартууга аракет кылып, алардын жардамы менен жакшы каражат топтолду. Биз да өз учурунда өзүбүздүн алардын алдындагы милдетти аткарууга аракет кылып жатабыз”.
Сапар Исаковдун айтымында конокторду кабыл алууга 150 миллион сом, ДКО алкагындагы концерттерге жана иш-чараларга 20 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары “Солярис” компаниясы менен келишим түзгөн Мамлекеттик спорт комитетине Каржы министрлиги ссуда берген. “Солярис” компаниясы Сочи-2014 ж.б. ири иш-чараларда иш алып барган жана ДКОнун ачылыш жана жабылыш аземинин режиссурасынын үстүндө иштеп жатат.
Демөөрчүлүк каражаттар тууралуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына түшкөн демөөрчүлүк каражаттардын эсеби эл аралык аудит үчүн жеткиликтүү болот. Бул ыктыярдуу бөлүнгөн акчалардын таза иштетилишин камсыздайт.
Анын айтымында, азыркы тапта Көчмөндөр оюндарына бөлүнгөн демөөрчүлүк каражат 2 миллион долларды түздү. Анын жарымы акчалай жардам, калганы авиабилет, кийим-кече, байланыш ж.б. кызматтар болду.
Белгилей кетчү нерсе, Сапар Исаков Кувейт менен Сауд Аравиянын өкүлдөрү финансылык жардамды көрсөткөндүгү тууралуу маалыматты четке какты: “Демөөрчүлөрдүн тизмеси расмий сайтта жарыяланган, алардын ичинен башкы демөөрчүлөр – MegaCom, Этноспорт конфедерациясы жана Түрк авиа жолдору.
Сапар Исаков ДКО-2016 меценаттарынын катарында Түркиянын Президентинин уулу Биляль Эрдоган да бар экендигин тастыктап өттү. Жогоруда айтылган Конфедерациянын жетекчиси да Биляль Эрдоган. “Албетте биз Билялга жана анын тобуна ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Анткени алар Оюндарга финансы жана кеңеш берүү жагынан активдүү колдоо көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүштү” – деп айта кетти. Анын берген маалыматы боюнча, жалпысынан, Түркия тарап 1 миллион долларды бөлгөн. Анын 500 миң доллары конфедерациядан, калган жарымы түрк авиа компаниясынан берилди.
Оюндар аяктагандан кийин ДКО объекттери кандай максатта колдонулат?
“Эң негизги далилдене турчу нерсе ат майданын куруп, Оюндарды өткөрүү эмес, ал объекттин алып келген пайдасы болуп саналат”, – деп Сапар Исаков ДКО-2016 алкагында курулуп жаткан объекттер тууралуу кеп учурунда айтып өттү.
Сапар Исаков жаңы ат майданы Алмазбек Атамбаев тарабынан тартылган гранттык каражаттарга курулду деп эскерте кетти. “Куруучулар да мындай курулуш Усубалиевдин мезгилинен тарта боло элек деп айтты. Бир нече жылдан кийин эл “бул болбогон нерсени эмнеге курдуңар, андан эч нерсе деле калган жок” деп айтабы деп кооптоном. Кудай сактасын... Ошондуктан эң негизгиси ат майданы чындап эле пайда алып келерин, биз аны эмитен актай баштаганыбызды далилдөө болуп эсептелет”, – деп Исаков мырза белгилеп өттү.
Мамлекеттик кызматкер ага жетүү үчүн эл аралык ат чабыштарды өткөрө ала турган чет элдик жетектөө компаниясын жалдап алуу керек деп эсептейт: “Бул албетте менин жеке оюм. Азырынча талкуу жүрүп жатат, тиешелүү бизнес-планды иштеп чыгуу үчүн атайын топ түзүлгөн, адистер да бар, жакында СИУИ (Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институту) анын бет ачарын өткөрөт деп ойлойм. Бирок мен албетте өзүмдүн оюмду жактайм, анткени, эгерде Сиз көргөн болсоңуз, ат майданы абдан чоң курулуш, аны туура жетектөөнү билиш керек. Анын үстүнө ири эл аралык иш-чараларды уюштуруу үчүн тажрыйба абзел”, – деп түшүндүрүп өткөн Сапар Исаков, компанияга милдеттерин жүктөп, түшүндүрүп анан алардын аткарылышын талап кылса, жагымсыз түшүнбөстүктөрдү алдын алууга болот деп эсептейт.
Рыноктун эң ири “оюнчуларын” ат майданы кызыктырарынан күмөн санабайт. “Бул жааттагы түшүнүктөрдү билгендер: ат майданы үчүн эң негизгиси – бул жарыш жолу экендигин билет. Ал эми аны бизде ортомчул фирма менен болгон макулдашуу боюнча франциялык “Gregori” деп аталган компания куруп жатат. “Gregori” – бул эл аралык бренд. Анын үстүнө бул жол баардык эл аралык стандарттар боюнча сертификацияланат. Анын узундугу 3 км 200 метрди түзүп, аны тегерете видекамералар орнотулат. М.а. объекттер дайыма көрүүчүлөрдүн көз алдында болот. Камераларда жай көрсөтүү, кайталоо эффекттери болуп, сигналды спутник аркылуу берүүгө жана сатууга мүмкүн болот. Бирок, кайталап кетейин, ал үчүн объектти туура жана так жетектөө керек”, – деп Сапар Исаковөз оюн аяктады.
Чолпон-Атадагы ат майданы тууралуу
Чолпон-Атадагы ат майданынын мамлекеттик кабыл алуусу сентябрь айынын алгачкы күндөрүндө болмокчу.
Объектте иштер дале улантылып жаткандыгын, бул ишемби күнү мамлекеттик кызматкерлердин аппаратынын бир бөлүгү ал жакта тазалык күнүн өткөрөрүн Сапар Исаков белгилей кетти. “Ат майданы абдан чоң жана көлөмдүү жана өзүңүздөр билгендей эле, курулуш иштеринен кийин тазалыкты жүргүзүү оңой эмес. Бирок өз салымын кошкусу келгендер жөн гана жыйнап, тазалап жардам бере алат”, – деп айткан Исаков, мамлекет башчы тазалык жүргүзү күнүнө катыша албай калышы мүмкүн деп кошумчалады.
Ал эми курулуштун өзү жана сапаты болсо Сапар Исаковдун айтымында ал үчүн келишимдик шарттар каралган. “Документтерде баардыгы каралып чыкккан, эгерде биз тараптан кемчиликтер, сындар айтыла турган болсо, албетте аларды жоюуга аракеттер көрүлөт. Мен куруучу болбосом да, ал жакта курулуш өтө жогорку деңгээлде жүрүп жатат деп айта алам. Сапат үчүн башкы ортомчу – “Азат” ДСК - жоопкерчиликтүү”.
“Ат майданы албетте толугу менен кызмат көрсөтүшү керек. Дүйнөлүк жылдыздар бизде көрүүчүлөр бата турчу объекттер жок болгондугунан келбейт экендигин угуп абдан таң калгам. Элестетип көрсөңүз... Ал эми азыркы тапта бизде андай стадион бар. Эгерде ал жакта жайында таанымал ырчылардын жана топтордун концерттери өтүп турса, анда ал туризм сезону үчүн кошумча артыкчылык болуп калмак. Мындай иш-чаралар туристтердин мамлекетке болгон кызыгуусун арттырып, өзүнө тартып турат”, – деп Сапар Исаков сөзүн аяктады.
ДКО конокторунун тамак-ашын ким камсыздайт
Бул суроого жооп берүүдө Сапар Исаков бул маселенин үстүндө Президенттин иштерин башкаруу башкармалыгы иштейт экендигин белгилеп өттү. “Албетте, баардыгын алар өзү даярабайт, ошондуктан азыркы тапта ашпозчуларды тандоо жүргүзүлүп жатат. М.а. Көчмөндөр оюндарында тамак-ашты адис ашпозчулардын тобу даярдамакчы, анткени бири боорсокту жакшы жасаса, экинчиси беш бармакты ж.б. жакшы жасай алат”, – деп Исаков мырза түшүндүрө кетти.
Бишкектин жана республиканын башка шаарларындагы ресторандарында эң мыкты тамак жасоо боюнча алдыңкылардан болгон ашпозчулар чакырылгандыгын да кошумчалады.
Анын айтымында, Оюндардын меймандары үчүн менюда кыргыздын улуттук тамактары да, Европанын тамактары да орун алат. Кийинки жумада журналисттер да чакырыла турган дегустация уюштурулмакчы.
Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы сыйлуу коноктордун арасында Татарстандын, Башкириянын жана Орусиянын башка субъекттеринин, ошондой эле Түркмөнстандын мамлекет башчылары боло тургандыгын тастыктады.
Катышуучуларга жана конокторго бериле турчу сувенирлер
Катышуучуларга жана конокторо бериле турчу сувенирлер кытайлык өндүрүүчүлөр тарабынан даярдалган. “Алар өтө сапаттуу болуп, келишим боюнча баасы баардыгы үчүн жеткиликтүү болмокчу”, – деп С. Исаков белгиледи. Анын айтымында, сувенирлер сатыкка чыккан, аларды Оюндардын билети сыяктуу эле ДКОнун расмий сайтынан сатып алууга болот.
Сапар Исаков белгилеп өткөндөй, VIP коноктор үчүн колдон жасалган сувенирлер камдалып жатат, алар кандай болору азырынча сыр бойдон калууда. “Негизинен сувенирлер өтө кымбат баалуу эмес, бирок жасалышы абдан көркөмдүү келет” деп айткан мамлекеттик кызматкер, алар улуттук калпак жана чапан эмес экендигин билдирди.
Ошондой эле, анын маалымдаганы боюнча, ДКО-2016 ачылыш аземине келген ар бир киши уюштуруучулардан белек алмакчы. Сапар Исаков ачылыш аземинини билети үчүн акча төлөнө тургандыгын каалоочулардын көптүгү менен түшүндүрдү. “Бирок ар бир облуска 200 киши үчүн квота берилген, ал эми Ысык-Көлдүн аймагы үчүн ал 1000 кишини түздү”, - деп Исаков мырза өз сөзүн аяктады.