23.08.2018 11:10

25-26-августа Ысык-Көл районунун аймагын тазалоо боюнча ири иш-чара өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында ушул жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл районунун аймагын, борбордук жолдорду жана суу жээгиндеги зоналарды тазалоо боюнча ири иш-чара өтөт.

Ысык-Көл областындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу астында өтө турган бул экологиялык акция, Ысык-Көл районунун акимияты жана  “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Ишембилик райондун баардык аймагында өтөт, Балыкчы шаарынан тартып Семеновка капчыгайына чейин, Кырчын жайлосун кошо. Ысык–Көл районунун аймагынын жалпы узундугунан (168 км)  100 чакырымдан ашуун аймагын тазалоо пландалууда. 

Иш чарага бир миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев белгилегендей акциянын максаты – боло турган эң чоң эл аралык иш-чарага, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданууга   өлкөнүн жарандарын, анын ичинде жергиликттүү коомчулукту  тартуу.

Райондун акими Данир Иманалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областына бардык дүйнө жүзүнөн келге турган конокторду тосууга ар бир үй, короо, көчөө даяр болуусу маанилүү. Биз бул аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылууга милдеттүүбүз, ошондой эле бүткүл дүйнө коомчулугуна кең пейил меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан бул экологиялык акция биз үчүн маанилүү ” – деп билдирди.

Кыргызстандын бардык региондорунан кайдыгер эмес жарандарыбыз, ошондой эле көл жээгинде эс алганы келген коноктор дагы бул ишембилике катышууга даяр экендиктери тууралуу билдиришти.

Экологиялык акцияга баардык каалоочулар катыша алышат. Чогулуу 25-августа Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук администрациясынын алдында саат 9:00дө.