09.08.2018 18:59

53 өлкөнүн спортчулары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирүү берди

Келе жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Спортчулардын билдирүүсү автоматташтырылган электрондук аккредитация системасы аркылуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дарегине келип түштү. Спорттук делегациялардын аккредитация системасынан өтүү 2018-жылдын 15-августта аяктайт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирме берген  спортчулардын көбү Кыргызстанга таандык. Өлкөнүн спорттук курамы 458 кишиден турат. Спорттук курамы, боюнча 2 орунда Орусия Федерациясы - 235 адам, Казакстан – 195, Өзбекстан – 108, Пакистан – 91, Иран – 92, Түркменистан – 65, Индия – 64, Афганистан – 62, АКШ – 58, Тажикстан – 55, Украина – 46, Кытай – 37, Шри-Ланка – 34, Монголия – 21, Франция – 19, Польша – 23. 17 спортчулардан Беларусь жана Болгария. Калган өлкөлөрдүн спортчуларынын саны 16га чейин.

Спортчулар спорттун 37 түрү боюнча таймашат. Жалпысынан 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байге фонду 26 млн сомдон ашуун. Оюндар 2018-жылдын 2 – 8 сентябрында өтөт.