04.09.2018 21:53

80 км аралыкка ат чабышта кыргызстандык чабандестер бардык байгелүү орундарды ээлешти

Бүгүн, 4-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында 80 км аралыкка ат чабыш өткөрүлдү. Мелдешке 5 өлкөдөн 10 чабандес катышты.

Биринчи орунду кыргызстандык Үсөн уулу Азаматтын Телтору деген аргымагы ээледи. Анын аты 80 км аралыкты 5 саат 24 мүнөт 45 секундада чуркап өттү. Күмүш байгени дагы кыргызстандык Үсөн уулу Бакайдын Кой-күрөң аттуу күлүгү алды. Анын жыйынтыгы 7 саат 25 мүнөт 40 секунданы көрсөттү. Коло байгени Парвоз аттуу күлүгү менен кыргызстандык Жаныбек Дюйшебеков багындырды, ал 80 км 7 саат 32 мүнөт 37 секундада чуркап келди.  

Аралыкка ат чабыштын байге фондусу – 600 миң сомду түзөт. Биринчи орунга 300 миң сом, экинчи орунга 200 миң сом жана үчүнчү орунга 100 миң сом берилет.

Аралыкка ат чабыш  Эл аралык FEI (International Equestrian Federation) ат спорту федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлөт.

Жеңүүчү ветеринардык комиссия тарабынан аттын физиологиялык көрсөткүчтөрүнүн нормалары тастыкталган жана марага келгенден кийин анын пульсу ийгиликтүү калыбына келген (30 мүнөт ичинде мүнөтүнө 64 чейин соксо) шарттарда аралыкты өтүүнүн эң мыкты (эң төмөнкү) убактысы менен аныкталат.

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:
- чабандестер FEIдын маалыматтар базасында каттоодон өтүүгө тийиш;
- бардык жабдыктарын кошо алганда чабандестин эң төмөнкү салмагы 75 кг болууга тийиш;
- аттардын улуттук паспорту (Кыргызстан үчүн гана жарактуу) жана FEI паспорту болушу керек;
- мелдештерге катышуу үчүн өтүнмөлөр улуттук федерациялар тарабынан FEI Entry System аркылуу берилет;

- чабандестин эң төмөнкү жаш курагы 14 жашты түзөт;

- аттын эң төмөнкү жаш курагы 6 жылды түзөт.