07.09.2016 13:22

“Алыш” бел боо күрөшү боюнча мелдештер башталды

7-сентярбда, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде “алыш” бел боо күрөшү  (эркин стиль) боюнча катардагы мелдеш күнү башталды. Ал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аялдар жана эркектердин арасында өтүп   жатат.

Эркин стиль боюнча мелдешке жалпысынан 34 мамлекеттен келген 140 спортчу  катышып жатат. Алардын 84ү эркек, 56сы аял.

Мелдештер төмөнкү салмактык категория боюнча өтүүдө:

Эркектердин арасында - 60 кг , 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг.

Аялдардын арасында – 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Кошумча маалымат:  “Алыш” бел боо күрөшү. Команданын курамы – 14 киши: 12 балбан (6 эркек, 6 аял), 1 машыктыруучу, 1 калыс. Мелдештерге жашы 18ден өйдө болгон балбандар катышат.

Бүгүн жеңүүчүлөр аныкталып, “алыш” бел боо күрөшү (эркин стиль) боюнча байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы