04.09.2018 20:26

Аркан тартыш мелдешинин жыйынтыгы

Бүгүн, 5-сентябрда,  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш таймашы уюштурулду. Мелдешке Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын курама командалары  катышууда. Чучукулактын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы финалга чыкты. Ирандык спортчулар  Казакстандын командасын 2:0 эсебинде жеңди. Финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы ирандыктардан 2:0 эсебинде жогору чыгып, аркан тартыш боюнча чемпион болду.

Команданын курамы:

Кыргызстан

Казакстан

Иран

1

Нияз Курманкулов

1

Эскерхан Осканов

1

Реза Хейташи

2

Азис Джабуев

2

Максат Жандилдаев

2

Аболфазл Барбат

3

Аваз Докеев

3

Дастан Карасаев

3

Саедбахам Ибрахимниширвани

4

Исламбек Тарпанбаев

4

Шаймерден Биржан

4

Хоссейн Кодакарами Ангили

5

Максатбек Исмаилов

5

Аян Ермекбаев

5

Али Абрабур

f6

Марат Рыспаев

6

Хайранхаан Шанку

6

Хажреза Барбат

7

Руслан Тюлегенов

7

Амалбек Алмаз

7

Реза Араб Хаеши

8

Алмаз Асанов

8

Олжас Шынкеев

8

Али Мираби

 

Командалык мелдештерден кийин жеке беттештер уланды. Ар бир  команданын эң күчтүү атлетчилери жеке мелдештерге чыкты. Бул жолку ийгилик казакстандык Хайранхаан Шанкага жылмайды. А ирандык спортчу Реза Хейташи  жана биздин атлет Аваз Докеев өз ара финалчыны белгилешти. Ирандык спортчунун бир жетишкендиги – атаандашынан  кыйла оор салмакта болгондугунда. Аваз Докеевди оңой эле жеңген ирандык спортчу финалда казакстандык Хайранхаан Шанканы эч кыйынчылыксыз багындырды.

Жеке эсепте биринчи орунга Реза Хейташи ээлик кылса, экинчи орунга Хайранхаан Шанкага жана үчүнчү орун Аваз Докеевге ыйгарылды.

Аркан тартыш боюнча жалпы сыйлык фонду - 340 миң сом төмөндөгүдөй жол менен бөлүндү.

Командалык эсепке: биринчи орун - 100 миң сом, экинчи орунга - 80 миң сом жана үчүнчү орунга 60 миң сом бөлүндү.

Жеке эсепке: биринчи орунга – 50 миң сом, экинчи орун – 30 миң сом жана үчүнчү орунга - 20 миң сом бөлүндү.