27.04.2016 12:00

Азербайжанда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу проморолик көрсөтүлдү


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Азербайжанда II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу проморолик көрсөтүлдү деген маалыматты билдирди.

26-апрелде КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов Бакуда БУУ цивилизациялары Альянсынын жетинчи форумунда Оюндар тууралуу таанытуу иш-чарасын өткөрдү. Форумга 140 делегация катышты.

Максутов Кыргызстан Альянстын жаңы мүчөсү катары анын маданияттар аралык жана диндер аралык диалогун өнүктүрүү боюнча түрдүү идеяларын ишке ашырууга даяр экендигин белгилей кетти.

Форумдун алкагында министр Альянстын жогорку өкүлү Насир Абд аль-Нассер менен эки тараптуу жолугушууну өткөрүп, II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын эл аралык деңгээлде өнүгүүсү тууралуу сөз кылды.

Кыргызстан делегациясынын башчысы жолгушуу учурунда аль-Нассер мырзага Кыргызстандын Президентинин атынан жазылган Оюндардын ачылыш аземине катышуу тууралуу чакырууну ыйгарды. Жогорку өкүл да өз учурунда Кыргызстандын уюмга кошулушу менен куттуктады жана Оюндарга чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ага катыша тургандыгын айтты.

Алынган булак: Sputnik Кыргызстан