30.08.2018 16:54

Бишекеке III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучулар келе баштады

30 августта эл аралык “Манас” аэропортуна III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары келди. Алардын  саны 43 адамды түздү, алар  Гана, Израиль, Иордания, Филипин, Улуу Британия, Сьерра, АКШ, Россия Федерациясы, Чехия, Болгария, Түркия, Колумбия, Шри – Ланка жана Австария өлкөлөрүнүн катышуучулары.

Ошондой эле, бүгүн  саат 14:30 Өзбекстандын спортчулары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн  малекеттик “Достук” чек ара бекетинен өткөрмө пунктунан  өтүштү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучулар Кыргызстанга 26 – августан баштап келе баштаган.

“Биз III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткандыгыбызга абдан кубанып жатабыз, Кыргызстанга биринчи ирет келип абдан толкунданып жатабыз. Мен Улуу Биританиянын “Овари” боюнча жеңүүчүсү болом.  Кыргызстандын спортчулары  спорттун интеллектуалдык түрлөрү абдан күчтүү атаандаш, айрыкча “Овари” жана “Тогуз коргоол” оюндары боюнча абдан күчтүү деген кабарым бар”. Биз, кызыктуу жана мындай олуттуу оюнга даярбыз” - деп өзүнүн жылуу пикири менен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу бөлүштү.

Негизги катышуучулар келүүсү, эртен 31 – август күнү  күтүлүүдө.