03.06.2016 16:10

Борбордук Азиянын II Эл аралык бий боюнча Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү ДКО чакыруу алат


2016-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында “SUN City” спорт комплексинде Борбордук Азиянын II Эл аралык бий боюнча Олимпиадасы старт алды. Бул Олимпиада “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” алкагында өткөрүлүп жатат.

Бийдин айрым түрлөрү боюнча жеңишке жеткендер жана байгеге ээ болгондор алдыдагы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын концерттик программасына чакырылмакчы. Иш-чарада Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016 катчылыгынын жетекчисинин орун басары Эсентур Жамалов, Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын өкүлү Медер Тилекматов, Кыргыз контемпорари жана модерн спорт чеберчилиги боюнча федерациясынын президенти Татьяна Кузнецова жана Кыргыз Республикасынын заманбап эстрадалык бийи боюнча федерациясынын президенти Оксана Поляничко куттуктоо сөзү менен катышуучуларга кайрылды.

Бий - убакытты жөн гана жагымдуу кылбастан,   аны пайдалуу формада өткөрүүнү камсыздайт; бий сынактарын өзүнө болгон ишенимди артыруу үчүн татыктуу ыкма,  өзүн өнүктүрүү үчүн мыкты стимул, жаш муундун жеңишке болгон эрктүүлүгүн, коллектив үчүн болгон жоопкерчиликти тарбиялоонун каражаты деп атасак болот.  “Бий ар кимдин өзүнө жараша каалоосун жана стилин түптөп, айрыкча жаш муундардын боорукердигин, өзүнө болгон ишеничин калыптандырат”, – деп Эсентур Жамалов өзүнүн сөзүндө айтып өттү.

Олимпиаданын биринчи күнүндө бир аянтчада ар кандай жаш өзгөчөлүккө ээ, саны 100дөн ашкан бийчилер чогулду. Биринчи бөлүктө бийчилер элдик бийлер, лезгинка, кыргыз бийи боюнча багыттарда жарышты; ага 600 бийчи катышты. Экинчи бөлүгүндө эстарадалык бий багытында 750 катышуучу өзүн көрсөтө алды. Жыйынтыгында 9 жеңүүчү аныкталып, алар Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016нын концерттик программасына чакырылды. Олимпиаданын үчүнчү бөлүгү, бал хореографиясы жана социалдык бийлердин негизинде 200 кишинин катышуусунан түзүлдү.

Иш-чара 3 күнгө созулуп, бийдин 52 багыты боюнча 10 өлкөдөн келген 2000 бийичинин катышуусу менен өтөт.

Калыстар тобу 11 эл аралык деңгээлдеги калыстан жана сертификатка ээ Кыргызстандык ( Бишкек шаары, Токмок шаары, Кара-Кол шаары, Чолпон-Ата шаары, Балыкчы шаары, Кара-Балта шаары, Жалал-Абад шаары жана Ош шаары) 18 калыстан турат.

Олимпиаданын алкагында Борбордук Азиянын кыргыз бийи, элдик бийлер, эстрада бийи, чыгыш бийи, социалдык жана заманбап бий, ошондой эле модерн, болливуд жана черлиденг боюнча Чемпионаттарын, мажоретка жана параданс боюнча фестивалын өткөрүү пландалып жатат.

Борбордук Азиянын II Эл аралык бий боюнча Олимпиадасынын уюштуруучулары: ДКО 2016 Секретариаты, ДЭК, Кыргызстан контемпорари жана модерн спорт чеберчилиги боюнча федерациясы, КР заманбап эстрадалык бийи боюнча федерациясы.

Бул долбоор IDO (International Dance Organization), ICU (International Cheer Union), ECU (European Cheer Union), IRSF (International Roup Skippinf Federation), IFMS (International Federation of Majorette Sport), NBTA (National Baton Twirling Association), World Art and Dance Alliance (WADA) тарабынан колдоого алынды.