02.09.2016 11:50

China Daily: Ысык-Көлдө көчмөндөрдүн таамай оюндары өтөт

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын сентябрь айынын башында кыргыз жергесинин бермети Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөнү турат. Бул Оюндарды өткөрүүнүн демилгеси 2012-жылы көтөрүлгөн. Биринчи Оюндар 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөн. Анын уюштуруучуларынын пикири боюнча улам өзгөрүп турган заманда көчмөндөрдүн спорттук оюндарынын укмуштуу түрлөрүн дүйнөгө таанытып көрсөтүүнүн маалы келди. Азыркы тапта дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде ата-бабалары көчмөн болгон көптөгөн улуттар жашайт, албетте аларда өзүнүн спорттук оюндары бар. Австралия, Африка өлкөлөрү, Монголия, Борбордук Азиянын, Түштүк Азиянын мамлекеттери, араб дүйнөсү сыяктуу бир катар мамлекеттерде азыркыга чейин спорттук мелдештердин улуттук түрлөрү боюнча кызыктуу мелдештер өткөрүлүп келет.

Алардын көпчүлүк бөлүгү дүйнөгө белгилүү заманбап спорттук оюндардын катарына кирбейт. Ат жарыштары, төө жарыштары, ат оюндары, улуттук интеллектуалдык оюндар теги көчмөн болгон улуттардын арасында абдан популярдуу. АКШ, Кытай, Орусия, Норвегия, Австралия сыяктуу бир катар мамлекеттерде спорттун айрым экзотикалык түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Спорттун маданий ар тараптуулугун жана гуманизациясын сактап калуу жолдорун издөө сапарында 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев биринчи “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” өткөрүүнү сунуштаган. Анын айтымында, бул Оюндардын миссиясы “ааламдашуу доорунда дүйнөдөгү бардык элдин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана жашоо-тиричилик тартибин жандандыруу жана сактоо” болуп саналат. Мындай демилге Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын мамлекет башчылары тарабынан колдоого алынган.”Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016” катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев билдиргендей Оюндарды уюштуруунун максаты көчмөндөр жашап өткөн же жашап жаткан мамлекеттерде белгилүү болуп, дүйнөгө али тааныла элек спорттун түрлөрүнө  жаңы дем берүү болуп саналат.

Бул Оюндардын авторлорунун идеясы боюнча мелдештерди ар бир эки жыл сайын көчмөн тарыхка ээ болгон мамлекеттерде же өткөрүүгө даяр болгон мамлекеттерде өткөрүүгө болот. Бирок алгачкы жолкуда болгон кыйынчылыктарга байланыштуу экинчи оюндарды Казакстанда же Түркияда өткөрүү пикири ишке ашпай, Кыргызстан Оюндарды дагы бир ирээт өткөрүүнү чечти. Биринчи Оюндарда 19 өлкөдөн келген спортчулар катышып, көчмөндөрдүн спорттук оюндарынын 10 түрү боюнча мелдешке чыккан. Экинчи Оюндарда уюштуруучулардын планында жок дегенде 40 өлкөнүн катышуусу бар. Мелдештер спорттун 23 түрү боюнча өтөт. Көрүүчүлөр күрөш фестивалына, ат жарыштарына жана ат чабыштарына, жаа атуу мелдешине, алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылыкка чыгуунун ар кандай түрүнө күбө болот.

Оюндардын уюштуруу комитетинин билдирүүсү боюнча, Оюндарга катыша тургандыгын тастыктаган расмий табыштаманы 35 мамлекет берди. Алардын катарында Аргентина, Бразилия, Германия, Израиль, Индия, Италия, Колумбия, Пакистан, Перу, Польша, Сербия, Словакия, АКШ, Шри-Ланка, Эквадор, Япония бар.

Уюштуруучулардын берген маалыматы боюнча Оюндарды өткөрүүгө 4 миллион АКШ доллары сарпталды. Азыр Экинчи Оюндарга карата даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кези. Көлдүн жээк тарабында эл аралык аэропорт кызмат көрсөтүүдө, 20 миллион долларлык жаңы ат майданынын курулушу аяктап жатат, Чолпон-Ата шаарында жаңы спорт борбору курулуду, көчмөндөрдүн уникалдуу жашоо-тиричилиги жана салт-санаалары таанытыла турган Кырчын жайлоосунда этношаарча тургузулууда. Ал жакта көчмөндөрдүн ич жасалгалуу боз үйлөрү, кол өнөрчүлүк усталарынын устаканалары орнотулат. Көрүүчүлөрдү Оюндардын башталышынан аягына чейин фольклордук фестиваль коштоп турмакчы. Кыргызстандын Өкмөтү Оюндардын меймандарына жана катышуучуларына ылайыктуу шарттарды түзүп берүү максатында аэропорттон тартып Оюндар өтө турчу жерге чейинки жолду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул максатта кошумча финансылык каражаттар да бөлүнгөн.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында “жолду оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын аягында аяктайт, бирок ат майданы Оюндар башталганга чейин даяр болмокчу. Бул ат майданы эл аралык класстагы дүйнөлүк ат мелдештерин өткөрүү үчүн берилген лицензияга ээ, КМШдагы эл аралык деңгээлге жооп берген жалгыз ат майданы болмокчу. 

Өнүгүүнүн кыйын экономикалык кыйынчылыгын башынан өткөрүп жаткан Кыргызстан үчүн көптөгөн мамлекеттер катыша турган спорттук иш-чараларды өткөрүү өтө маанилүү. Эки революция жана бийликтин эки жолку алмашуусунан кийин Кыргызстандын туруктуу өнүгүүгө өзгөчө муктаждыгы бар. Өлкөнүн алсыз экономикасы тоо-кен казуу тармагын жана энергетиканы өнүктүрүү максатында чет элдик инвестицияларды талап кылууда. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алуу эл аралык коомчулукка, эң негизгиси жакын өнөктөштөргө мамлекет өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшкөндүгүн жана жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү экендигин далилдөөгө багытталган. 

Мындай демилгени көтөрүп чыгууга экономикалык жактан алда канча күчтүү болгон Казакстан да ашыккан жок. Бул мамлекет көчмөн цивилизациясынын борбору болууну, Оюндарды өткөрүүдө өзүнүн эрежелерин киргизүүнү каалап жаткан. Бирок Оюндарды өткөрүүнүн демилгечиси Кыргызстан мындай борборду түзүүдө биринчи болуу үчүн өзүнүн укуктарын жактап жатат.

2016-жылдагы Оюндарда күрөштүн улуттук түрлөрү, ат чабыш сыяктуу спорттун сегиз түрү боюнча мелдешке катыша тургандыгын билдирген Кытайдын спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө.

Ички Монголия провинциясынын спорттук делегациясы Кытайдын өкүлү болмокчу. Кытайдан жана Монголиядан келген спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесине кире элек улуттук оюндардагы өзүнүн чеберчилигин көрсөтүү максатында көргөзмө оюндарын тартуулаганы турат.

Бирок Көчмөндөр оюндарынын мелдештер боюнча тизмеси сөзсүз түрдө кеңейтилип, көрүүчүлөрдүн саны алда канча артмакчы. Буга Оюндарда “CNN”, япониялык “NHK” сыяктуу көптөгөн медиа-компаниялардын, бир катар европалык медиа-ресурстардын алып баруучуларын аккредитациялоо көмөкчү болот. Оюндарга болгон кызыгууну “Euronews” телеканалында Кыргызстан тарабынан жүктөлгөн промо ролик дагы арттырууда.

China Daily/Жэньминь Жибао