03.09.2016 12:31

Чолпон-Ата шаарында дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси ачылды

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Чолпон-Атада дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси ачылды. Ага КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, Социалисттик эмгектин баатыры Таштанбек Акматов катышты.

Комплекс “Газпром” КАК тарабынан “Газпром балдар үчүн” деп аталган социалдык программанын алкагында курулду.

Үч кабаттуу имараттын аянты 5000мтүзөт. Биринчи кабатта универсалдуу зал бар. Анда кичи футбол, баскетбол, волейбол, гандбол, чоң теннис, бокс жана күрөш боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүгө болот. Экинчи кабатта тамактануучу жай (кафе) жана көчмөн цивилизациясынын борбору, ал эми үчүнчү кабатта 500 кишилик конференц-зал жайгашкан.

Көрүүчүлөрдүн трибунасы 650 күйөрманга ылайыкталган, ал эми меймандар унаасын токтото турчу жай 300 унааны  өзүнө батырат. Спорткомплексте командалар, келген коноктор, ошондой эле машыктыруучулар үчүн кийим которуучу бөлмө жасалган.

Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде конокторго ылайыктуу шарттарды түзүп берүү максатында меймандарды кабыл алуу кызматы, кийим коюучу жай, 50 орундуу тамактануучу жай, кассалык бөлмөлөр, калыстардын бөлмөсү, комментаторлордун бөлмөсү, тейлөө кызматкерлери үчүн баардык шарттары каралган атайын бөлмө, диспетчер бөлмөсү, ошондой эле күтүү бөлмөсү жана процедуралар өткөрүлүүчү бөлмө каралган.

Комплексте климатты текшерүү системасы орнотулган, техникалык жана экологиялык нормаларга жооп берген локалдык тазалоо курулуш каражаттары орнотулган. Имаратка байланыштын тышкы жана ички тармактары, өрт өчүрүү сигнализациясы, видеобайкоо жүргүзүү коюлду.

Кошумча маалымат: 2014-жылы биринчи Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “Газпромдун” башкаруу төрагасы Алексей Миллерге Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүн болгон спорткомплекстерди куруу тууралуу оюн айтып кайрылган.

“Газпромдун” жетекчилеринин чечими менен республикада “Газпром балдар үчүн” аталышындагы социалдык программа ишке аша баштаган. Бул программа ага чейин Орусиянын аймагында гана жүрүп келген.

Мындай программанын алкагында Кыргызстан боюнча эл аралык стандарттагы 16 дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу тууралуу чечим кабыл алынган. Ушул сыяктуу спорт жана ден соолукту чыңдоо комплекстерин Кыргызстанда куруу - “Газпром” тарабынан ишке ашып жаткан социалдык багыттагы алгачкы ири иш-чара болмокчу.

3 форматтагы объект иштелип чыкты:

·         L форматы – аянты 5000 м болгон эң чоң комплекс, үч кабаттуу имарат;

·         М ортоңку форматынын аянты 2,500 м2, эки кабаттуу имарат;

·         S1 кичи форматы аянты 1000 м2 болгон бир кабаттуу имарат.

Ошол эле учурда бардык комплекстер көп функционалдуу, т.а. спорттун бир нече түрүнө ылайыктуу.

L  форматындагы эң соң комплекс Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында курулган, М форматындагы 300 орундуу 7 комплекс облустук борборлордо, ал эми S  форматындагы 7 кичи комплекс райондук борборлордо курулмакчы. 2015-жылы Кара-Суу (форматыS) жана Талас (форматы М) шаарларындагы спорткомплекстери эксплуатацияга берилген.


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы