16.08.2016 17:02

ДКО катыша турган Кыргызстандын эр эңиш боюнча командасынын курамы аныкталды

Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасынын курамы аныкталды.

Командага ар кыл салмак категориясындагы үч спортчу кирди: Калыбек Бусурманкул уулу (70 кг чейин), Маратбек Алтымышев (90 кг чейин) жана Канатбек Алпанов (90 кг жогору).

Команданын курамы жакында Бишкекте өткөн Кыргызстан чемпионатынын жыйынтыктары боюнча аныкталды. Спортчулар башкы машыктыруучу Ниязбек Курманкуловдун жетекчилиги астында катышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы

Кошумча маалымат.

Эр эңиш – ат үстүндөгү күрөш.

Эр эңиш боюнча мелдештер тегиз тегерек аянтчада өтөт. Анда белине чейин кийимсиз, кур (кушак) байланган жана катуу материалдан тигилген шымды, өтүктү кийген, колуна камчы алган  эки балбан кармашат. Кармашуунун башында ат үстүндө отурган балбандар арбитр тарабынан белги берилгенден кийин аянтчанын борборуна келет. Жеңишке жетүү үчүн балбан атаандашын жерге аттан кулатып түшүрүшү абзел.

Команданын курамы – 4 киши: 3 спортчу жана 1 машыктыруучу. Мелдешке катышууга жашы 18ден өйдө болгон, “70 кг”, “90 кг” жана “90 кг жогорку” салмактык категорияларына жооп берген  балбандар уруксат алат.