07.09.2016 14:48

ДКО жабылыш аземине билет саткан түйүндөр саат кечки он экиге чейин иштейт

Бүгүн, 7-сентябрда ДКОнун жабылыш аземине карата билет саткан түйүндөр түнкү он экиге чейин иштейт.

Бишкек шаарындагы расмий түйүндөрдүн дареги: Чүй проспектиси, 96;

Чолпон-Ата шаарында ат майданда жайгашкан касса.

Билеттердин баасы трибунадагы орундуктарга жараша 300 сомдон 2000 сомго чейин болот.

Билеттер сатып алуучуну күбөлөндүргөн документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана сатылат. Сатуучу оператор сатып алуучу тууралуу жеке маалыматтарды алган соң аны базага киргизет жана атайын жабдык менен сүрөткө тартып алат. Аягында сатып алуучуга QR коду бар билет берилет, бул коддо анын жеке маалыматтары (аты-жөнү, сүрөтү, паспорттук реквизиттер ж.б.) болмокчу.

Уюлдук колдонмо аркылуу билет сатып алууда атайын бош графаларга жеке маалыматты толтуруп, өзүн сүрөткө тартуу керек. Каалаган бош орун тандалып, Visa жана  MasterCard аркылуу керектүү сумманы төлөгөндөн кийин программа расмий билет  болуп санала турган QR кодду чыгарат.

Ар бир билет бир гана кишиге тиешелүү болот. Бир кишинин атына алынган билет аркылуу башка бирөө аземге кире турган болсо  билет жараксыз деп табылып, акчасы кайтарылбайт.

Уюлдук колдонмого байланыштуу техникалык колдоо: 0557 711415, 0555 313100, 0312 881949.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы