12.08.2016 13:10

ДКОнын алкагында Кырчын жайлоосунда 288 боз үйдөн турган “Кырчын айылы” этношаарчасы ачылат

2016-жылдын 4-сентябрында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Семенов капчыгайындагы Кырчын жайлоосунда 288 боз үйдөн турган “Кырчын айылы” этношаарчасынын расмий ачылышы болот.

Өзүнүн өлчөмү менен болуп көрбөгөндөй укмуштуу “Кырчын айылы” этношаарчасы жаратылышы эң кооз капчыгайда түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай созулмакчы.

Этношаарча Бишкек, Ош шаарлары жана Кыргыз Республикасынын жети облусу тарабынан көрсөтүүгө коюлган, ар бири 25 боз үйлүк болгон 9 көчмөн конушунан турмакчы.

Шаарчага “Кыргыз айылынын” улуттук стилде жасалып, флагштоктор менен кооздолгон борбордук дарбазаларынан кирүүгө болот. Дарбазалардын эки жагына балбалдар коюлат.

Келген конокторду жасалгалуу жана кооз дарбазалардын оозунда салттуу жана улуттук кийимчен жигиттер жана кыздар тосуп алат.

Коноктор шаарчадагы алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле башталып жаткан салтанаттардын айтса түгөнгүс чөйрөсүн жан-дүйнөсү менен сезип, көчмөндөрдүн баштапкы маданиятына өз көзү менен күбө болот жана кыргыз элинин салт-санаалары,үрп-адаттары  менен тааныша алат.

“Кыргыз Айылынын” ачылышы “Көчмөндөр Ааламы” фольклордук фестивалы менен коштолмокчу.

Борбордук аянтчадагы подиумда борбордук жана эң чоң Хан-Ордо боз үйү, анын жанына ардактуу конокторго арналып эки боз үй, Хан-Ордонун эки тарабынан кароочу мунара, флагштоктор жана “бута” мунарасы орнотулат.

Калган боз үйлөрдү шашылыш жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын, атайын жана укук коргоо кызматтарынын, саламаттыкты сактоо кызматынын штабдары, чет элдик жана жергиликтүү ММКлар үчүн пресс-борбору ээлейт.

Чет элдик делегациялар үчүн боз үйлөр шаарчасынын аянтында атайын аянтча бөлүнөт, ал жакта алардын өкүлдөрү өзүнүн улуттук турак-жайларын орнотмокчу.

Дагы бир аянтчада шаарчага келгендер үчүн 60 боз үй тигилип, ага коомдук тамактануу пункттары (фудкорт) жана лоток соода-сатыгы уюштурулат.  

Боз үйлөр шаарчасын флагштокторго орнотулган кечки жарык берүүчү лампалар жарыктандырат.

Септик менен коомдук дааратканалар, таштанды ыргытылуучу контейнерлер жана ар бир аянтчада суу тазалоочу бирден чорго болот. 

Оюндардын уюштуруучулары аянты 87 429 чарчы метр болгон унаа токтотуучу жайды да камыздоодо. Ал “Кыргыз айылы” этношаарчасына жакын жерде болот.

Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Иш-чаранын программасында спорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер, “Көчмөндөр Ааламы” фольклордук фестивалы ж.б. маданий-спорттук иш-чаралар бар. Алар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында, Кырчын жайлоосунда, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлөт.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы