24.08.2016 10:07

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата смартфондун уникалдуу дизайны иштелип чыкты.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата жасалган смартфондун уникалдуу дизайны – бул  көчмөндөр цивилизациясынын жеңилгиз рух квинтэссенциясы. Алар кимдер?  Бизге бай тарыхын, маданиятын калтырган эр жүрөк жоокерлер, жеңиш ээлери, түбөлүктүү көчмөндөр, саякатчы-акылмандар.

Алтын түстөгү дизайн түзмөк баштапкы күч жана улуулукту элестетип, композициянын борборунда көчмөндөр оюндарынын символу жаркырап чагылдырылып, терең философиялык мааниде аткарылган. Тегеректин ортосунда тартылган тулпар – ат үстүндөгү көчмөндүктү түшүндүрөт. Башы төрт бөлүккө бөнгөн күн бала теңир аруулугун өзүнө камтыган.

Алтын түстөгү телефондун бетиндеги Кыргыз Республикасынын желегинен алынган күндүн сүрөтү эки бөлүктөн турган гравировка менен капталган. Бул телефон эркиндикти сүйгөн көчмөндөр элдеринин биримдигинин философиясын түшүндүрөт.

Смартфон тууралуу кененирээк маалымат