31.08.2016 15:21
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине кирүү билеттери сатылып бүттү
2016-жылдын 3-сентябрында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине кирүү билеттери сатылып бүттү.
Азыркы учурда Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине кирүү билеттери сатылууда.
Жабылыш аземине катышууну каалаган жарандар билеттерди Бишкекте (№ 1 – Киев көч., 114; № 10 – Токтогул көч., 247; № 20 – Совет көч., 6; № 93 – Чүй проспектиси, 96), Ошто (Ленин көч., 320) жана Чолпон-Атада (Совет көч., 320) жайгашкан байланыш бөлүмдөрүнөн сатып ала алышат.
Мындан тышкары, билеттерди “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016” уюлдук тиркемеси аркылуу алса да болот
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы