08.02.2018 18:07

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында илимпоздорго, изилдөөчүлөргө атайын аянт тузүлөт

Катчылыктын маалыматына таянсак, быйылкы көчмөндөр оюндарында жана ага даярдануу мезгилинде көптөгөн илимий форум, конференция, конгресс, симпозиум, тегерек столдор өткөрүлөт.  

Көчмөндөр оюндарынын философиясына, багытына айкалыш келген илимий программа – ДКО этнономаданият, этноспорт жана илим менен билим ден түзүлүп, бул үчилтик негиздөөчү бөлүгү болот.

                   

Илим – билим көчмөндөр элдеринин бай маданиятын, философиясын, идеологиясын, адам цивилизациясынын өсүшүн, жалпы эле көчмөн элдеринин ордун изилдегенге багытталмакчы. ДКО 2018 катчылыктын пресс кызматынын маалыматында Көчмөндөр цивилизациясынын теориясын изилидөө контексти “адам цивилизациясын изилдөө”, - деп жарыяланууда.

Белгилеп кетсек, былтыр сентябрь айында, Чолпон-Ата шаарында ДКО 2018дин даярдыгына багытталган “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – тарыхый мурастар жана келечек” деген аталышта биринчи илимий, практикалык конференция өткөрүлгөн. Ага Болгария, Казахстан, Кыргызстан, АКШ, Марокко, Туркия жана Чехия мамлекеттеринен келген 60 илимпоз, изилдөөчүлөр катышышкан. Конференциянын негизги нугу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016нын жыйынтыгына багытталып, анын ичиндеги социалдык мааниси, көчмөн элдеринин тарыхый-маданий балуулугу болду. Мындан тышкары этноспорт жана элдик оюндарадын аспекти, салттуу дене-тарбия менен этноспорттун професионалдуу спортчуларды даярдоодогу орду тууралу маселелер талкууланды.