09.08.2016 15:57

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу дагы 6 мамлекет тастыктады

5 күндүн ичинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга дагы 6 мамлекет билдирме берди. Алар: Белоруссия, Германия, Иран, Сербия, Чехия жан Жапония.

Демек, ушул жылдын 9-августуна карата Көчмөндөр оюндарына катышаарын 35 мамлекет расмий тастыктады: Азербайжан, Аргентина, Армения, Белоруссия, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Италия, Казахстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Перу, Польша, Орусия (Башкортостан, Карачаево-Черкессия, Свердлов облусу, Челябинск облусу), Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Чехия, Шри-Ланка, Эквадор, Эстония жана Жапония.

Учурда чет мамлекеттерден Көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу табыштамаларды кабыл алуу уланууда.

II Дүйнөлүк көчмөн оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасында спорттун 23 түрү бар. Анын ичинде ат чабыш жана ат оюндары боюнча мелдештер, күрөш, улуттук оюндар, жаачылардын салттуу жаа атуу мелдештери, мергенчиликтин улуттук түрлөрүнүн спорттук мелдештер, салттуу интеллектуалдык оюндар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы