17.08.2016 13:41

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына дүйнөлүк кинонун жылдызы Стивен Сигал келет

Кино жаатында дүйнөлүк атактуулукка жеткен актёр, кинопродюсер, сценарист, кинорежиссёр, музыкант жана күрөш чебери Стивен Фредерик Сигал экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3-сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган ачылыш аземине келет.

Актёр Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруу менен келет. Жакында ал жообун кат түрүндө жазып, анда ыраазычылыгын билдирүү менен Оюндарга келе тургандыгын тастыктаган.

Дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыз Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкандан сырткары, Айкидо федерациясынын өкүлдөрү менен жолугууну, Азия киносу боюнча дүйнөлүк фестивалга (AWFF) арналган кайрымдуулук кечесине катышууну пландоодо.

Эскерте кетсек, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы