22.08.2018 11:09

III ДКО: Армрестлинг боюнча дүйнөгө таанымал спортчулар катышат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын оюн талаасында 100дөн ашуун белгилүү жана тажрыйбалуу спортчулар армрестлинг боюнча күрөшөт. Алардын арасында дүйнө армрестлинги наамдарын алган спортчулар да бар. 

Алардын ичинде:                

  • Украинанын 15 жолку чемпиону, дүйнөнүн 6 жолку чемпиону, Европанын 4жолку чемпиону  Евгений Прудник;
  • Оор салмактагылар арасында дүйнө чемпиону Дмитрий Трубин (Казакстан);
  • Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону Виктория Илюшина (Украина);
  • Оң кол боюнча дүйнө чемпиону Даниел Прокопчук (Молдова);
  • Россия, Финляндия, Германиянын Эл аралык турниринин жеңүүчүсү, Азиянын көп жолку чемпиону, Өзбекстандын абсолюттук чемпиону Дмитрий Докучаев.

Чолпон-Ата шаарындагы Дене тарбия чыңдоо борборунда 2018-жылдын 3-сентябрында  финалдык оюндар өтөт. Эркектер жана аялдар арасында оң жана сол кол боюнча таймаштар өткөрүлөт. Бардык салмактагы категорияларга 1 спортчу чыгат.

Салмактык категориялар:

- эркектер арасында: 75, 95, 105 килограммга чейинкилер, 105 килограммдан жогоркулар;

- аялдар арасында: 75 килограммга чейинкилер, 75 килограммдан жогоркулар.

Дүйнөлүк армрестлинг федерациясынын эрежелери боюнча таймаш өткөрүлөт.