13.02.2018 16:14

III ДКО UNICEF менен биргеликте көчмөндөрдүн маданияты тууралу балдарга ишчараларды өткөрүүшөт

ДКО III катчылыгы ЮНИСЕФ менен биргеликте Кыргызстандын аймактарында, көчмөндөрдүн маданияты тууралу балдарга арналган ишчараларды өткөрүүнү көздөшүүдө.

Маданият министирлиги жана БУУ (ЮНИСЕФ) балдар фондунун көмөгү менен III ДКОнын катчылыгы көчмөндөр маданиятына арналган бир катар иш чараларды, Кыргызстандын мектеп окуучулары арасында өткөрүүнү көздөшүүдө. Бул тууралу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары катчылыгынан билдиришти. Мындай чечим жакында болгон үч тараптуу жолугушууда кабыл алынган.

                      

ДКО 2018 алкагында Көчмөндөр маданиятын жаңы муунга үйрөтүү боюнча, бир катар өткөрүлө турган маданий иш чаралар туурасында ой бөлүшүшүп, сунуштар айтылды. Ошондой эле мамлекет ичиндеги аймактарда жашаган балдар жана мектеп окуучуларына маданияттын көп жактуулугун жана ар элдин салттарын сыйлап, урматтоого болгон чакырыкты кантип илгерилетүү керектиги тууралу сүйлөшүштү. Маданият министиринин орун басары Айнура Темирбекова: акыркы учурда дүйнө жузүндө болуп аткан маалымат активдүүлүгү, глобализация доорунда элдер, өздөрүнүн түптүүлүгүн жоготуп албашы керек. Ошол себептен Маданият министирлиги аймактардагы мамлекеттик ММКлар аркылуу, ЮНИСЕФ менен биргеликте балдарга арналган берүүлөрдү чагылдырууга даяр экенин өз сөзүндө кошумчалады.

                        

Катчылыктын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова ЮНИСЕФтин жетекчилигине, балдарга арналган иш чараны Республиканын ичиндеги аймак кербени катары өткөрүп, “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ар элдин салттары” деген темада III ДКО жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата багыттап, сүрөт конкурсун өткөрүүнү сунуштады.

КРдагы ЮНИСЕФтин жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде аталган сунуштардын компоненттерин III ДКО концепти менен бириктирип, 2018-жылдагы эл аралык, эң ири, масштабдуу долбоорго Кыргызстан аймагындагы балдарды тартып, катыштырууну сунуштады. Жолугушууда ар элдин салттарын чагылдырган “Керемет Көч” мультфилимдик сериалдарды ЮНИСЕФтин жардамы менен тарттырып, мамлекеттик телеканалдардан чагылдырууну сүйлөшүштү.

Ошондой эле тараптар, райондук, айылдык китепканалардын базасында, мектеп окуучулар ортосунда талкуу клубтарды түзүүнү, көчмөндөргө жана анын маданияттарына арналган мектеп окуучулар арасында фотоконкурстарды өткөрүүнү ошондой эле интерактивдүү ар кандай иш чараларды уюштуруп,  көчмө куурчак театрын, сүрөтчүлөрдүн сүрөтканаларын жана башка компоненттерди кошуп Кербен уюштурууну сунушташты.