28.08.2018 15:02

III ДКОдо чет тилдерин билген ыктыярчылар чет элдик журналисттерди коштоп жүрүшɵт

III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келген эл аралык басылмалардын журналисттерин чет тилдерин билген 50 ыктыярчы коштошот.

Бүгүн, 28-августта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жаштар менен жолугушууда ыктыярчылардын негизги тапшырмалары туурасында  ɵткɵрдү.

«III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарын уюштурууга катышууга болгон каалооңорго ыраазычылык билдиребиз. Биздин милдетибиз – эл аралык конокторду жылуу тосуп алып, биздин жылуу меймандостугубузду кɵрсɵтɣү, кылымдардан берки кɵчмɵндɵр маданиятын, Кыргызстандын бай тарыхын, элдердин достугу  менен тааныштыруу керек”, - деди Айнура Темирбекова.

Ыктыярчылар менен жолугушуунун жүрүшɣндɵ «Медиа жана PR» жумушчу тобунун ɵкʏлдɵрү аэропорттон эл аралык журналисттерди тосуунун ɵзгɵчɵлүктɵрү,  аларга үч тилдеги (кыргыз, орус, англис) маалымдамаларды таркатуу, Кыргызстандын тарыхы, III Дʏйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарынын философиясын, Оюдардын жаңылыктары менен тааныштырышты.  Мындан сырткары, ыктыярчыларга ЖМКлардын иштɵɵ маалымдамалары кɵрсɵтүлдү.

Белгилесек, тандалган 50 ыктыярчы КРнын жогорку окуу жайларынын студенттери, алар англис, түрк, корей, немис, араб, тилдерин билишет.

Ыктыярчылардын тапшырмалары чет элдик  журналисттерди “Манас” аэропортунан  тосуп алуу, андан ары  III ДКО ɵтɵ турган жерге жеткирүү иштерине кɵмɵктɵшɵт (маселен, спикерлерди табуу, интервью алуу, которуу иштери).

Мындан сырткары  “Манас” аэропортунун ɵкүлдɵрү менен биргеликте бир катар так маалыматтар берилди.Алар  аталган “стерилдик” аймакта  ыктыярчыларга чет ɵлкɵлүк конокторду тосуу, каттоодон ɵткɵрүү, текшерүү  иштерин  кɵрсɵтүштү.