23.08.2018 14:15

III ДКОну өткөрүүдө 28 медициналык бригада, 19 тез жардам унаасы кезмектешет

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда кыргызстандыктарды, конокторду Кыргыз Респуликасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги медициналык кызматкерлердин 28 бригадасы жана 19 тез жардам унаасы тейлейт.

Өз учурунда медициналык кызмат көрсөтүү максатында спорттук, маданий иш-чаралар өткөрүлгөн жана эл көп топтолгон жерлерде медицина кызматкерлери кезмектешип иштешет.

Чет өлкөлүк расмий делегаттар, туристтер, жарандар жана ДКОго катышуучу спортчулар өткөн Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Кырчын жолдорунда тез жардам унаалары менен медициналык түйүндөр тынымсыз иштешет.  Медициналык түйүндөр “Манас” аэропортуна, Манас – Бишкек трассасына, Бишкек, Кант, Токмок айланып өтүүчү жолуна, Боом капчыгайына, Балыкчы экопостуна, “Тамчы” аэропортуна, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданына, ДЧБга, Кырчын капчыгайына жайгаштырылат. 

Мындан сырткары, Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата аймактык ооруканаларынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн саламаттык сактоонун үчүнчү баскычтагы уюмдарынын адистери тартылат.

Муну менен бирге оюндар өтө турган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл уюштурулат. Ушул максатта саламаттык сактоо  кызматтарынын жетекчилери ичүүчү, көл, агын сууларын жана топуракты, көл жээктеги кумду лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү, дезинфекциялык, дезинсекциялык иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле күн сайын ичүүчү суу жана тамак-аштар лабораториялык текшерүүлөрдөн өтүп турат.