26.08.2018 19:41

III ДКОну уюштуруу комитетинин «Медиа жана PR» жумушчу тобу концерт жана флеш-моб уюштурушту

 Ушул жылдын 25 августунда баш калаанын “Ала Тоо” аянтында  алдыдагы Көчмөндөр оюндарына карата майрамдык маанайдагы эбегейсиз концерт уюштурулду.

 Шаар конокторунун жана тургундардын алдында Толгонай Арзыкеева, Акбар Сүйүмбаев, Нурчолпон, “Кыз Сайкал”  балдар бий ансамбли сыяктуу сахна өнөрпоздору  өнөрлөрүн тартуулашты. Тартууланган чыгармалар көчмөндөр темасына багытталган.

Программанын негизги өзөгүн Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары уюштурган флеш-моб түздү. Флеш-мобдо бирдей форма кийген 200дөн ашуун ыктыярчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнине өзгөчө бийлерин бийлешти. Ири флеш-моб көрүүчүлөргө шаңдуу эмоция тартуулап, эч кимди кайдыгер калтырган жок. Флеш-мобдун жыйынтыгында уюштуруучулар шаардыктарды Көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырышты. III ДКОну уюштуруу комитети, Оюндарды өткөрүү жана уюштуруу катчылыгы жана “Медиа жана PR” жумушчу тобу Бишкек  шаардык мэриясынын жардамы астында майрамдык маанайдагы концертти уюштурушту.